Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:34

Кыргызстанда Нооруз - Жаз майрамы белгиленүүдө. Бир ай мурун буудай өндүрүп, бүгүн түнү таң аткыча сүмөлөк кайнаткан казандар жакшы каалоо-тилектер менен ачылып, алас айтылды.

Нооруз Кыргызстандын бардык аймагында бирдей майрамдалабы? ЮНЕСКОнун маданий баалуулук тизмесине кирген Ноорузду жеригендер жокпу? Бул майрамдын Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясында алган орду кандай?

"Азаттыктын" бүгүнкү "Арай көз чарай" талкуусу мына ушул майрамдын орду менен салмагына арналды. Талкууга Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулматов жана тарыхчы, акын Байас Турал катышты.

“Азаттык”: Байас мырза, сиз кечээтен бери «Супара» этнокомплексинде өтүп жаткан «Сүмөлөк -2017» этно фестивалдын катышуучуларынын өнөрүн баалоочу комиссиянын мүчөсү болуп жатасыз. Быйыл Ноорузду эл кандай жаңы жөрөлгө, кандай жаңы табылга менен тосуп жатат? Фестивалда Кыргызстандын калкын бириктире турган кандай көрүнүштөр болду?

Бул майрам табият менен байланышкан жана илимге негизделген. Ошон үчүн Кыргызстан эгемендик алгандан бери бийлик күчкө салып киргизген жок.
Байас Турал

Байас Турал: Бул майрамды белгилөөгө совет доорунда 70 жылдан ашык мезгил тыюу салынган эле. Эгемендик алгандан баштап ал кайра жанданды.

Бул майрам байыркы арийлерге таандык майрам деп иран изилдөөлөрүндө айтылат. Аны негизинен Иран жана Туран элдери майрамдап келишкен. Андан тышкары Америкадагы индеецтердин кээ бир уруулары жана Кытайдагы айрым уруулар майрамдашканы белгилүү. Демек кайсы бир кезде көчмөндөр бир жаралып, өз салтын бүт дүйнө элине тараткан.

Бул майрам табият менен байланышкан жана илимге негизделген. Ошон үчүн Кыргызстан эгемендик алгандан бери бийлик күчкө салып киргизген жок. Демек бул майрамдын кайра жанданышына генетикалык эс-тутум негиз бергени байкалып турат. Ал эми этнофестивалда ынтымакты бекемдеген сезим кайра жанданып, кыргыз эли түбөлүктүү жашай турган эл экендигин айгинелеп, жогорку деңгээлде өтүп жатат.

"Супарадагы" майрам шаңы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

“Азаттык”: Алмаз мырза, Кыргызстанда Нооруз майрамы эң алгач 1989-жылы Ала-Тоо аянтында майрамдалып, биринчи жолу аянттын ортосуна казан асылып, от жагылып, Бейшенбек Бекешов экөөбүз телевидениенин түз эфирдеги көрсөтүүсүн алып барган элек. Ошол элдин башын бириктиргендей окуя болгон. Эмнегедир ошондон бери Ноорузду белгилөөнүн формасы өзгөрүлгөн жок. Ыйык тилектер тиленип, алдыдагы жакшылыктарга умтулган сезимдерди бекемдөөчү күн эмес, жасалмалуу шаан-шөкөттөлгөн майрамга айланып бара жаткансыйт. Мына ушул жагдайдан алып караганда, Нооруздун мамлекеттик идеологиясында алган орду кандай?

Алмаз Кулматов: Көпчүлүк башка майрам сыяктуу эле Нооруз универсалдуу мүнөзгө ээ. Анткени, Европа, Америка жана башка аймактардагы элдер күн менен түндүн теңелишин майрамдашат. Жер жүзүндө жарым миллиард эл ушул салтты карманып келет. Бул майрам да идеологиялык функцияга ээ. Аны кандай гана мамлекет болбосун пайдаланат.

Экинчиден, майрамдын таанытуу, үчүнчүдөн жөнгө салуучу функциясы бар. Коомдун өнүгүшүнө жараша функциялары өзгөрүп, өнүгүп турат. Демек бул майрамдын орду, мааниси элдик аң-сезимде кылымдан кылымга чейин унутулбай келе жатат. Ошонун негизинде шартка жараша өзгөрүп, бүгүнкүдөй массалык майрамга айланууда. Анан жасалма шаан-шөкөттүү болуп жатат деп айтуу да жарабайт. Себеби элди эч ким мажбурлап майрамдата албайт. Бул майрамды эл өз каалоосу менен майрамдап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG