Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

22-май: Бишкектеги тополоң боюнча 10 киши кармалды, Орусияда никабга тыюу салуу сунушталды


Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.
Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.

22-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкектеги окуялар: 10 адамга айып тагылды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте 13-18-майга караган түндөрү болгон окуяларга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтары Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Тоноо”, “Каракчылык”, “Массалык башаламандыктар”, “Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо” беренелери менен 9 кылмыш иши козголгонун билдирди. Буга байланыштуу 33 жаран жабырлануучу деп табылып, 10 адамга айып тагылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстандын, төртөө чет өлкөнүн жарандары. ИИМ бул окуяларга тиешеси бар адамдар жоопко тартыларын убада кылды. Укук коргоо органдары буга чейин 13-майга караган түнү Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнкү окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалганын кабарлаган.

“Кемпирабадчылардын” адвокаттарына басым болуп жатканы айтылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ушул иш боюнча айып тагылгандардын адвокаттарына басым-кысым болуп жатканын билдирди. Анын маалыматына караганда, адвокаттар Эркин Булекбаевдин, Акынбек Абазбековдун, Эркин Саданбековдун адвокаттык лицензияларын эч кандай негизсиз чакыртып алуу боюнча аракет болууда. 21-майда Юстиция министрлиги 976 адвокаттын лицензиясы токтотуларын билдирген. Лицензиядан ажыратыла турган адвокаттардын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлган саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев да бар.

Президент криминалга каршы күрөш улантыларын айтты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып ишкерлерге шарт түзүүдө ашыкча текшерүүлөр кыскарып, аларга басым көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш улантыларын билдирди. Президент “ар кандай опузалап акча талап кылгандар дароо жазага тартыларын” айтты. Өлкө жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүрүп жатканын айтып келет. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

“Kloop” Free Media Pioneer award сыйлыгын алды

Кыргызстанда соттун чечими менен жабылган көз карандысыз “Kloop Media” порталы Эл аралык пресса институтунун Free Media Pioneer award сыйлыгын алды. Сыйлык “Kloop” иштеп баштаган 20 жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда жоопкерчиликтүү жана сапаттуу медианы, ошондой эле демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылганы айтылат. Free Media Pioneer Award сыйлыгы 1996-жылдан бери жыл сайын басма сөз эркиндигин коргоо боюнча иштерди жасаган жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. Бул жылы дүйнөнүн булуң-бурчунан 11 уюм Free Media Pioneer Awards сыйлыгына ат салышкан. Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт

Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере Палестина "мамлекет катары "таанылбаса Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу мүмкүн болбой турганын" билдирди. Маалыматка караганда, чечим 28-майдан баштап күчүнө кирет. Израилдин тышкы иштер министри Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин кеңешүү үчүн деген негизде токтоосуз чакыртты. Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт. Жалпысынан БУУга мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон.

БУУ коопсуздуктан улам Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү токтотту

БУУнун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги X социалдык түйүнү аркылуу билдиргендей, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун маалыматында 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы "Аль-Мавази" лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы "гуманитардык аймак" катары жарыялаган. Рафахта дагы 400 миңдей киши бар.

Волчанскиден эвакуацияланып жаткандардын машинеси дрон чабуулуна кабылды

Харьков облусунун айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Волчанск шаарынан калкты коопсуз жактарга чыгарып кетип жаткан полиция машинесине орус армиясы жанкечти-дрон менен сокку урду. Бир тартип коргоочу мүрт кеткенин ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. 22-майга караган түнү орус армиясы С-400 ракеталары менен Харьков облусундагы бала бакчанын имаратына чабуул койгону кабарланган. Ал соккулардан сегиз киши, анын ичинен үч жаштагы наристе набыт болгонун Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат билдирди. Харьков шаарына жасалган аба соккуларынан он киши жараат алганын облус жетекчилиги билдирди.

Орусияда аялдарга никаб кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде айткан. Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган, кара кездемеден тигилген баш кийим. Фадеевдин пикиринде никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде дагы тыюу салынган. Бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган жок. Мамлекеттик думанын улуттар иштери боюнча комитетинин төрага орун басары Илдар Гилмутдинов никабга кескин тыюу салуу кырдаалды курчутуп жиберет деген ою менен бөлүштү. Былтыр күздө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Тажикстанда төлгөчү жана көзү ачык деп айыпталган 50дөн көп киши кармалды

Милиция билдиргендей Согд облусунун Гафур районунда кармалгандар район тургундарына жана коңшу аймактан келгендерге ар кандай шылуундук менен акча табуу максатында өз кызматтарын көрсөтүп келишкен. Кармалгандардын көбүнө протокол түзүлүп, бирине кылмыш иши козголгону маалым болду. Төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине өткөн жумада кошулду. Мурда мындай ишмердүүлүк менен алектенгендер административдик жазага гана тартылчу. Быйыл апрелде Кыргызстанда да парламентте көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG