Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкектеги окуя: Министр Ниязбековдун жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлдү


Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.
Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте жана Чүйдүн айрым айылдарында 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 22-майдагы жыйынында сөз сүйлөп башаламандыктын башталып кетишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 13-майдагы окуяга кеч реакция кылганы себеп болгонун айтты.

“Депутаттарды, активисттерди аңдып эле жүрүшөт. Муну менен алектенбей реалдуу иш кылбайбы. Жол коопсуздугу боюнча канча маселе турат. Керек болсо уюшкан кылмыштуу топ менен ИИМ күрөшүш керек эле. Бирок алы жетпей ал ишти УКМК кылып жатат. Акыркы окуяга эмнеге убагында реакция кылбай, бейбаштык кылган адамдарды жоопко тартпай койгон жооп бериш керек. Жоопкерчилик деген болуш керек да”, - деди ал.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып пакистандык студенттер сабалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин билдирген. Чүй менен 7-апрель көчөсүнө топтолгондор таңга жуук тарап кеткен.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун 18-майда гана маалымдаган. 20-майда бул тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен козголгон иш боюнча Египеттин төрт жаранын кармап, алар кийин үй камагына чыкты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG