Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

21-май: Дүйшөбаев тилкат менен абактан чыкты, Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келди


Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

21-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Чет элдик өкүл” деп табылган уюмдарды каттоонун жобосу бекитилди

Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин билдирди. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек. 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон. Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Кыргызстанга келди

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майдын кечинде Бишкекке келди. Ал 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алмакчы. Мындан тышкары Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мохаммад Исхак Дар Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң, Бишкекке кыска убакытка кайрылары мурда кабарланган.

Кыргыз тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-майда Астанада Дар менен жолугушкан. Пакистандын тышкы саясат мекемеси X социалдык тармагына жарыялагандай, жолугушууда тараптар пакистандык студенттер жабыркаган окуяны талкуулашкан.


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Кеңешбек Дүйшөбаев эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыкты

Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын жүйө келтирип, адвокаты Акын Авазбеков аны үй камагына чыгарууну соттон суранган. 15-майда “кемпирабадчылар” саясатчынын абалы начарлаганына карабай аны сотко күч менен алып келингенин айтып, аны үй камагына чыгаруу талабы менен бийликке кайрылган. Биринчи Май райондук соту аны процесске күч менен алып келүү боюнча талап коюлбаганын маалымдаган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор да Дүйшөбаевдин абалы жакшы эмес экенин, анын дарылануусуна шарт түзүлүш керектигин билдирген.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда вебкам уюштургандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоо сунушталды. Мыйзам долбоорунда вебкам бизнеси менен алектенгендерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 мин сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же беш жылга чейин камак жазасын берүү сунушталып жатат. Ал эми ушундай жорукту уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы жазылган.

Киевге Германиянын тышкы иштер министри барды, Харьковдо кармаш уланууда

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок коопсуздук чараларынан улам алдын ала жарыяланбаган сапар менен Украинага барды. Ал борбор калаа Киевде туруп, Орусиянын чабуулдары күчөгөн шартта Украинага эл аралык колдоо, абадан коргонуу системалары жагынан жардам өтө маанилүү болуп жатканын белгиледи. 2022-жылы Орусия Украинада согуш баштагандан бери Бербок бул өлкөгө жетинчи жолу барды. Орусия Украинанын Харьков аймагына чабуулдарын 21-майда да улантты – жалпысынан төрт киши жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Лукашенкону сындаган активист абактан бошотулбай жатканы кабарланды

Беларуста бийликти сындаган активист Полина Шарендо-Панасюктун абак мөөнөтү дагы узартылышы ыктымал экенин «Азаттыктын» беларус кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, ал 3,5 жылдан бери отурган камактан чыкмак, бирок дагы эле бошотула элек. Күйөөсү Андрей Шарендо аялына башка дагы кошумча айыптар тагылышы ыктымал болуп жатканын, абактан эмне үчүн коё бербей жатышканы түшүнүксүз экенин айтты. «Европалык Беларус» кыймылынын мүчөсү Полина Шарендо-Панасюк өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенконун дарегине «кемсинткен сөз айткан жана полиция кызматкерине кол салган» деген айып менен 2021-жылы кармалып, 2 жылга камалган. Аны былтыр август айында бошотушмак. Бирок «пенитенциардык системанын ички тартибин бузду» деген кошумча айып тагылып, абак мөөнөтү 2024-жылдые 21-майына чейин узартылган.

Иран: Раиси менен коштошуу зыйнаты башталды, жаңы шайлоо 28-июнга белгиленди

Иранда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди. Аза күтүү иш-чаралары бардык шаарларда, негизгиси 22-майда борбор калаа Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусунда өтөрү маалымдалды. Маркумдар акыркы сапарга 23-майда узатылат. 20-майда Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылы президент болуп шайланган Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон.

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы көз жумду

Тажикстанда өлкөнүн алдыңкы юристтеринин бири жана "Социал-демократиялык партиянын" мурдагы лидери Рахматилло Зоировдун сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары жана жакын санаалаштарынан турган аз сандагы гана адам катышты. Саясатчы 18-майда 67 жаш курагында узакка созулган оорунун айынан каза болгон. Жакындары ал акыркы убактарда дээрлик үйдөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй калганын айтышты. Рахматилло Зоиров Тажикстандын альтернативдүү Конституциясынын авторлорунун бири болгон. Анын долбоору четке кагылганы менен Баш мыйзамдын расмий версиясына өз таасирин тийгизген. Саясатчы 1998-жылы "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" деген партия түптөп, аны дээрлик бир жылдан кийин гана каттоодон өткөрө алган. Бирок бийлик партияны ошол эле жылы кайра жаап салган.

Жөө күлүк Тяпкиндин Париж олимпиадасына жолдомосу жокко чыкты

Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды. Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму анын аты-жөнү жеңүүчүлөрдүн катарына жаңылыш жазылганын, мындан улам тизмеден өчүрүлгөнүн маалымдады. Муну "Азаттыкка" Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов тастыктап, Тяпкиндин рейтингдик көрсөткүчтөрү дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму 12-майда Париж олимп оюндарына норматив толтуруп, жолдомо уткан спортчулардын тизмесин жарыялаган. Ага Кыргызстандан Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова кошулган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG