Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Юстиция министрлиги 976 адвокаттын лицензиясын токтотот


Сот отурумдарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Сот отурумдарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги 976 адвокаттын лицензиясы токтотуларын билдирди. Мекеме мунун ичине колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирерин, ушул тапта адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Лицензиядан ажыратыла турган адвокаттардын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлган саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев да бар. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны буга чейин лицензиясы жок жана Адвокатурага мүчө эмес деген негиз менен соттук отурумдарга киргизген эмес.

Акин Токталиев бул маалыматтарды четке кагып, убагында азыркы президент Садыр Жапаров жана бир катар саясатчылардын адвокаты болгонун айткан.

Адвокаттык лицензиясы токтотула тургандардын арасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2012-жылы, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин 2000-жылы, мурдагы юстиция министри Нэля Бейшеналиеванын 2013-жылы алган лицензиялары да бар.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4700 адвокат каттоодон өткөн. Анын ичинен 2300ү Бишкек шаары менен Чүй облусунда иштейт. Ош облусунда 350дөй, калган аймактарда 100дөн жактоочу эмгектенет.

2023-жылдын ноябрь айында “Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Мыйзам боюнча жогорку юридикалык билими бар Кыргызстандын жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия ала алат. (BTo)

XS
SM
MD
LG