Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Бишкектин Көлмө конушунда китепкана курулуп жатат


Бишкектеги китепкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги китепкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы Көлмө конушунда үч кабаттуу китепкананын курулушу уланып жатат. Мэриянын маалыматына караганда, учурда китепкананын 1-кабатына кыш кыноо, ал эми 3-кабаттын полун бекемдөө иштери жүрүүдө.

Курулушту мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Долбоорго ылайык, үч кабаттуу китепкананын окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга ылайыкталган окуу залдары болот.

Мэриянын маалыматына ылайык, 28 муниципалдык китепкана бар, анын ичинде жетөө жаңы конуштарда.

Баш калааны курчай жайгашкан элүүдөн ашуун жаңы конуштардын алды 1989-жылы түшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG