Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Косоводогу сербиялык банктардын бир нече өкүлчүлүгү жабылды


Косово. Банктар боюнча рейд.
Косово. Банктар боюнча рейд.

Косово серб калкы басымдуулук кылган түндүк муниципалитеттеринде Сербиянын Postanska stedionica банкынын беш жана Улуттук банкынын бир филиалын жапты. Өлкө бийлиги Түндүк Митровица, Звечан, Зубин-Поток жана Лепосавич аймактарындагы филиалдар “мыйзамсыз иштеп жатканын” жана “полиция ал жерде тартипти жана мыйзамдуулукту орнотуу үчүн операция жүргүзгөнүн” 20-майда билдирди.

Postanska stedionica аркылуу Сербия Косоводогу жарандарына социалдык жөлөкпул, балдарга жана башка жөлөкпул акчаны серб динары менен төлөп келгени белгиленди.

Серб динарына Косовонун аймагында быйыл жыл башында тыюу салынган.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Бир ай мурда эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны «Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат» деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич «дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет» деп айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG