Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Киевге Германиянын тышкы иштер министри барды, Харьковдо кармаш уланууда


Анналена Бербок.
Анналена Бербок.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок 21-майда коопсуздук чараларынан улам алдын ала жарыяланбаган сапар менен Украинага барды. Ал борбор калаа Киевге эртең менен барып, Украинага тилектештигин билдирди.

Өз сөзүндө Германиянын башкы дипломаты Орусиянын чабуулдары күчөгөн шартта Украинага эл аралык колдоо, абадан коргонуу системалары жагынан жардам өтө маанилүү болуп жатканын белгиледи.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылган 2022-жылдын февралынан бери Бербок бул өлкөгө жетинчи жолу барышы.

Орусия Украинанын Харьков аймагына чабуулдарын 21-майда да улантты – жалпысынан төрт киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Экинчи ири шаар Харьковдун мэри Игорь Терехов учкучсуз учак соккусунан калаадагы транспорттук инфраструктура жабыркаганын билдирди. Бир нече үй да кыйраганы маалымдалды.

20-майда да Харьков облусу Орусиянын аёосуз чабуулдарына кабылганы, жапырт дрон соккусу жасалганы кабарлангын.

Жергиликтүү бийлик чек арадагы Волчанск шаарынын 60% украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG