Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Бишкек мэри жумушка өз унаасы менен келген кызматкерлерге чара көрүүнү тапшырды


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлердин жеке жана кызматтык унааларын чектөө талабына байланыштуу айрым жетекчилерге эскертүү берилди.

21-майда мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай талаптын аткарылышына көзөмөл болбогону үчүн мэриянын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковго, уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысына, Свердлов, Биринчи Май райондорунун акимдерине жана бир катар муниципалдык кызматтын жетекчилерине эскертүү берилген.

Маалыматта мэриянын жана муниципалдык кызматтардын жалпы 19 кызматкери жумушка өз унаасы менен келгени аныкталганы жазылган. Аларга чара көрүү боюнча тапшырма берилген.

Ушул эле чечимдин аткарылышы боюнча Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Караевге катуу сөгүш, “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Койбагаровага сөгүш жарыяланган.

13-майдан тарта Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө кирген. Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү болгон. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат. Мындай чечим жолдогу тыгынды азайтуу жана коомдук транспортко суроо-талапты жогорулатуу, экологияга кам көрүү максатында киргизилгени айтылган.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууда.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күн сайын 616 автобус жана 115 троллейбус чыгып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG