Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кыйноого каршы борбор жетекчиси майыптыгы бар адамдарга мөөнөтү өткөн дарылар берилерин айтты


Майыптыгы бар адамдар кармалуучу мекеме. Иллюстрациялык сүрөт.
Майыптыгы бар адамдар кармалуучу мекеме. Иллюстрациялык сүрөт.

Ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана балдардын социалдык-стационардык мекемелеринде кармалып тургандардын укуктары одоно бузулат. Жылуулук, санитардык-гигиеналык шарттар жок, бөлүмдөр суук, мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер берилет.

Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноону алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбаев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында билдирди.

"Былтыр катуу суук болот деген маалымат айтылып жаткан кезде биздин борбордун кызматкерлери Чүйдөгү майыптыгы бар адамдар кармалып турган социалдык стационардык мекемелерди кыдырган. Дээрлик бардык мекемелер суук болчу, жылытылган эмес. Андагы адамдардын күнүмдүк тамагына да жетиштүү деңгээлде акча бөлүнбөйт. Мисалы, Кара-Суу районундагы угуусу жана сүйлөөсү начар балдардын атайын интернатында балдардын күнүмдүк тамагына 28 сом бөлүнөт. Бул майыптыгы бар балдардын тамактануусу боюнча талапка туура келбейт. Биздин бул боюнча дооматыбызга Финансы министрлиги жана Билим берүү министрлиги каржылоо республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша көбөйөт деген жооп алдык".

Комитет жыйынына катышып отурган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү маалыматка кошумча киргизип, социалдык-стационардык мекемелердеги адамдардын тамагы үчүн бөлүнгөн акчаны көбөйтүү тапшырмасы берилгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, мындай мекемедеги адамдардын күнүмдүк тамагын 220 сомго көтөрүү маселеси коюлган.

Финансы министрлигинин өкүлү мындай мекемелердеги адамдардын күнүмдүк тамагы 2024-жылдын бюджетинде көбөйтүлгөнүн, 60 же 90 сомдон бөлүнгөнүн, тиешелүү документтерсиз так айта албасын билдирди.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова аткаминерлердин ишине канааттанбаганын айтып, маселе "президентке кайрылуу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жазгандан кийин гана чечилеби?" деген суроону койду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 стационардык социалдык мекеме бар. Анда 2347 адам жашайт. Алардын 517си майыптыгы бар улгайган адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG