Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Шайлоо: БШК административдик соттун чечимине каршы арызданат


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округу боюнча мурдагы талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде Бишкек шаардык административдик сотунун күчүнө кирген чечимине каршы сотко даттанат.

Бул тууралуу маселе БШКнын 20-майдагы жыйынында каралып, комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сот чечиминин аткаруу барагы Свредлов округунда кайра шайлоо дайындалгандан кийин чыкканын белгиледи.

“Биз Жогорку Соттун чечимин алып, анын негизинде мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун мандатын алганбыз. Чечимде Муртазалиевди депутат кылып дайындоо боюнча талап жок болчу. Соттун аткаруу барагындагы бизди милдеттендирген чечимди жокко чыгаруу боюнча арызданабыз”, - деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Президент Садыр Жапаров 16-майда №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Мунун алдында 15-майда Боршайком жыйында шайлоо дайындоо боюнча президентке сунуш жолдогон.

Муртазалиев БШКнын мындай сунушун айыптап, ал 17-майда Жогорку Соттун чечиминен кийин күчүнө кирген Бишкек шаардык административдик сотунан аткаруу барагын алганын, анда БШК Муртазалиевге мандат берүүгө милдеттендирилгени жазылганын айтып чыккан.

БШК 7-майда бул округдан шайланып депутат болгон Шайлообек Атазовду Жогорку Соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыраткан. Абдурахманхажи Муртазалиев депутаттык мандат ага берилбегени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абдурахманхажи Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку Соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан.

XS
SM
MD
LG