Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейи коопсуздуктан улам убактылуу жабылды


Таш кулашы мүмкүн деген коркунучтан улам Ош шаарындагы Сулайман-Тоого алып чыккан туристтик жолдор жана Үңкүр музейи убактылуу жабылды.

Мэриянын басма сөз кызматы 21-майда билдиргендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери мониторинг жүргүзүп, таш кулоо кооптуулугу бар аймактар аныкталган. Жарандардын жана туристтердин коопсуздугу үчүн тоого алып чыккан жолдор жана Үӊкүр музейи убактылуу жабылды. Качан ачылары тууралуу азырынча маалымат жок.

Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык жайы Кыргызстандагы тарыхый жерлердин бири. Тоо чокусундагы үңкүрдө жаныбарлардын эстеликтери жана байыркы буюмдар сакталган уникалдуу музей жайгашкан.

Тарыхый жай Аймак таануу музейи катары 1949жылы негизделип, 1978-жылы Тарых жана аймак таануу музейи, 1982-жылы Тарыхый-маданий музей, 2004-жылы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси болуп өзгөргөн.

Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG