Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Кемпир-Абад иши: Кеңешбек Дүйшөбаев тилкат менен абактан чыкты


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыкты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, анын бөгөт чарасы 21-майда каралды.

Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын жүйө келтирип, адвокаты Акын Авазбеков 15-майдагы отурумда аны үй камагына чыгарууну соттон суранган.

15-майда “кемпирабадчылар” Дүйшөбаевдин абалы начарлаганына карабай аны сотко күч менен алып келингенин айтып, аны үй камагына чыгаруу талабы менен бийликке кайрылган. Биринчи Май райондук соту аны процесске күч менен алып келүү боюнча талап коюлбаганын маалымдаган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор да Дүйшөбаевдин абалы жакшы эмес экенин, анын дарылануусуна шарт түзүлүш керектигин айтып чыккан. Жазаларды аткаруу кызматы 15-майда Дүйшөбаевдин абалы туруктуу жана медициналык кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө экенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG