Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Таласта "Бала-Саруу" чакан ГЭСи ишке киргизилди


"Бала-Саруу" кичи ГЭСи ишке кирди. 21-май, 2024-жыл.
"Бала-Саруу" кичи ГЭСи ишке кирди. 21-май, 2024-жыл.

21-май күнү президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышы болду.

Жапаров анда "кокту-колотторунан суу шаркырап аккан өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги кечирилгис көрүнүш" деп белгиледи.

Мамлекет себеп-жүйөлөрүн териштирип отурбай, мындан ары бул маанилүү тармакты өнүктүрүүнүн алгылыктуу жолдорун издеп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга белсенгенин кошумчалады.

“Биз “Бала-Саруу” ГЭСин долбоорлоо маселесин камтуу менен бирге 3 жылга жетпеген мезгил аралыгында куруп бүткөрүүгө жетиштик. “Бала-Саруу” ГЭСи - Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат”, - деди президент.

Президент Садыр Жапаров "Бала-Саруу" чакан ГЭСин ишке киргизди. Талас. 21-май, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров "Бала-Саруу" чакан ГЭСин ишке киргизди. Талас. 21-май, 2024-жыл.

Президент Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулуш иштерин ата мекендик ишканалар алпарганын айтты.

“Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде курулган. Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турат. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул 19 миң абоненттин электр энергиясына керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бала-Саруу” ГЭСин курууга жалпысынан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар.

Өкмөт буга чейин өз күчү менен "Бала-Саруу", “Куланак” ГЭСтерин кура баштаган. Энергетика министрлиги ГЭСти курууга Австриядан жабдуулар алынып, 2023-жылдын аягында ишке берилерин билдирген. Ошондой эле Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн инвесторлорду издеп жатканы кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG