Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

УКМК: Өзүн Сузактын "көзөмөлдөөчүсү" деп мүнөздөгөн адам кармалды


Кармалган адам. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган адам. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылууга шек саналып, жергиликтүү тургун кармалганын билдирди. Атайын кызмат шектүү кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү экенин, ал өзүн Сузактагы өзбек тектүү элдин арасындагы "көзөмөлдөөчү" деп мүнөздөп жүргөнүн белгиледи.

24-апрелде таратылган маалыматка ылайык, ал 3000 АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы менен колго түшкөн. Баштапкы териштирүүлөргө ылайык, шектүү чет элдик жаранга кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүгө убада берип, документтерди алганы аныкталган. Документтерди кайтарып берүү мөөнөтү келгенде ал өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтып, коркутууга өткөнү айтылууда.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-бересиндеги "опузалап акча талап кылуу" бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Расмий маалыматта анын аты-жөнүнүн баш тамгалары А.Ю. деп берилген.

Кыргыз бийлиги акыркы кездери уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш болорун улам эскертүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG