Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Бишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө берди


«Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу (солдо) өз кызматкери менен. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
«Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу (солдо) өз кызматкери менен. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Түрк ишкери куруп, иштеткен “Таксим” кафеси боюнча Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы түшүндүрмө таратты. Ага ылайык, “Таксим” кафесине байланыштуу эки тараптан тең милицияга кайрылуу түшкөн.

Бишкектеги «Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу 19-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганына даттанган.

Өз билдирмесинде ал маркум депутат Алмазбек Акматов жана анын бир тууганы, мурдагы бажы кызматкери Эрнис Акматовдун менчик деп айткан жерин сүйлөшүп, 25 жылдык мөөнөткө ижарага алып, кафе ачканын, ай сайын 5 миң доллар ижара акысын төлөгөнүн, курулушка жалпы 750 миң доллардай акча сарптаганын билдирген.

Акматов өзүнөн кафенин документ иштерин бүтүрүү үчүн 70 миң доллар алганын да маалымдаган. Ишкер Акматовдун өзүнө “таандык” деп эсептеген жери Бишкек мэриясына караштуу экенин, Чынара Султанбекова аттуу жаранга убактылуу ижарага берилип, бир сотых тилкесинин ижара акысы жылына 20 миң сом турарын билгенин жазган.

Али Салих Ифлазоглу билдирүүсүндө кафени тартып алууга аракет жасалып жатканын билдирип, Кыргызстанда инвесторлор корголбой калганын ортого салды.

Түрк ишкеринин арызына байланыштуу Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Натыйжада түрк ишкери жабырлануучу деп табылган. Тергөөчүнүн өтүнүчү менен Свердлов райондук соту 15-мартта “Таксим” кафесине байланыштуу документтерди мэриядан алууга уруксат берген чечим чыгарган.

Көп өтпөй, Экотехинспекция ишканасы “муниципалдык жерди бошотпой жатат” деген доо арыз менен Чынара Султанбекованы сотко берген. Ленин райондук соту “Таксим” кафесин сүрдүрүп салууга чечим кылган.

27-январда милицияга Чынара Султанбекова кайрылып, түркиялык жаран коркутуп жатканын билдирген. Бул факты Жазык кодексини 145-беренеси (“Адам өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүү менен опузалоо”) менен бирдиктүү реестрге катталган.

“Бул иштер сотко чейинки өндүрүш алкагында калыс, мыйзам чегинде тергелет”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов быйыл 28-февралда узак оорудан улам каза болгон. Ага чейинки билдирүүлөрүндө ал өзүнө карата дооматтарды четке кагып, Ифлазоглу тараптан мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын айтып келген эле. Эрнис Акматов бул боюнча билдирүү жасай элек.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскерткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG