Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты


Алмазбек Акматов.
Алмазбек Акматов.

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөсү, депутат Алмазбек Акматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум оорудан улам көз жумганын фракция лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» ырастады.

Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирскидеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп башатаган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.

Маркумдун артында беш баласы калды.

"Азаттык" маркумдун үй бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG