Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Судья Камил Осмоналиев абактан бошотулду


Камил Осмоналиев.
Камил Осмоналиев.

Жогорку соттун мурдагы судьясы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган Камил Осмоналиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде УКМКнын тергөө абагынан чыкты.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-мартта чыгарганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда Камил Осмоналиев Жогорку соттун Жарандык жана Экономикалык иштер боюнча коллегиясында иштеп жүрүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегени айтылган. Натыйжада анын кыймылсыз мүлктөрү өзүнүн кирешесине караганда 114 млн. сомдон ашып түшкөн. Тергөөдө Осмоналиев айыбын мойнуна алып, 70 млн. сомду мамлекетке кайтарган. Калган 44 млн. сомду үч айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судьяны мыйзамсыз баюу боюнча айыптын негизинде былтыр 14-декабрда кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттатканы айтылган.

Судья өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турганын жарыялаган.

20-январда Жогорку Кеңеш Камил Осмоналиевди Жогорку соттун судьялыгынан убактылуу четтеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG