Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Пакистандын премьер-министри COVID-19 вирусун жугузуп алды


Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 19-ноябрь, 2020-жыл.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 19-ноябрь, 2020-жыл.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавирус жугузуп алганын анын саламаттык сактоо жаатындагы атайын жардамчысы Файсал Султан 19-мартта маалымдады.

"Өкмөт башчы Имран Хандан COVID-19 вирусу аныкталды, ал үйүндө обочолонуп иштеп жатат", - деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына.

Премьер-министрдин кеңсеси кабарлагандай, Имран Хан бир нече күн мурун Хайбер-Пахтунхва провинциясына, ал жактагы Малаканд университетине барган.

Андан кийин, эки күн мурда коронавируска каршы вакцина алганын жергиликтүү Dawn басылмасы кабарлады.

Статистикалык Worldometers порталынын маалыматына ылайык, Пакистанда 623 миң адам коронавируска чалдыккан. 13,7 миңден ашуун адам оорудан көз жумган. 579,7 миң адам айыгып чыккан.

XS
SM
MD
LG