Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

Көр жеме күйөө өчүргөн сүйүү


Иллюстрациялык сүрөт.

Айзада Авазова чыгармачылык баралына келип турганда жол кырсыгынан каза болгон. Мыкты журналист, акын, жазганынан жаза элеги, бергенинен бере элеги көп талант эле.

Эки жаштын жашоонун кыйма-чийме жолунан адашпай, бирин-бири түшүнүп, бир келген өмүрдү бактылуу өткөрүшү өтө эле кыйын сыноо. Андан кол кармашып турмуш деген агыны катуу дарыяга киргендердин баары эле аркы өйүзгө өтө албайт. Экөөнүн кимдиги, кандайлыгы турмуш көчүнө келгенде бадырайып ачыкка чыгат. Мурда байкалбаган, алоо сезим артына жашырылган сырлар айгинеленип, жаркылдаган каш-кабактын артында катаал заар, жасалма мүнөз, кыйдылык катылып жаткан болот.

Турмуш кайыгы

Турмуштун алгачкы бороонуна көбүнесе аял киши бой бербей, колунан келген аракетин жасайт. Ошондон Айзада Абазованын лирикалык каарманы сүйгөн адамына жүрөгүн ачып, асыл жарына жаркын дүйнөсүн арначу адамды издейт. Болбосо аял-эркек болуп бир үйдө түтүн булатыштын кандай кажаты бар?!

Күбүлгөн бүрүм жыйнап,
Гүл кылып ала турган
Өзгөчө айкөл жандын
Өзүнө туш боломбу?
Же тагдыр кайчы өтүп,
Түңүлтүп бүт мээримден,
Түбөлүк кыш боломбу?

А.Абазованын мына ушул “Издөө” деген ырындагы негизги ой “Таң чолпонум” аңгемесинин квинтэссенциясын, кыргызча айтканда, өзөгүн түзөт. Андагы баш каарман күн алыс кайталанчу жаңжал, уруш-талаштан тажап, мындан ары эмне кылыш керек деген катаал суроого жооп издейт.

Ажырашкандан кийин эле баары жакшы болуп кетсе кана! Нике жаңырткандарды деле көрүп жүрбөйбү. Күйөө деген ушул болсо дагы турмушка чыкпай койсочу?! Балдары кантет? Ушинтип суроонун артынан суроо басып эмне кылар айласын таппай калчу болду. Оор суроолор адамды тажатат, анан да чарчатат экен. Убакыт болсо өтүп жатат. Созулгандан созулуп бараткан турмушу көңүлүнө жакпай, келинди ой басат.

"15 жылдан бери өйдө-төмөн уруш-талаш менен жашап келе жаткан үй-бүлөлүк жашоосуна чекит койгусу келет. Мындан ары минтип жашоодон тажады. Бирок, бул акыркы да, биринчи да чечим экенине ишене албай кетет. Себеби, бул биринчи жолку ажырашам деген чечими эмес, канча жолу ажырашып, канча жолу элдешти. Буга балдар түгүл туугандары да көнүп бүттү. "Тим койгула бүгүн ажырашса эртең элдешет, бул чыгып кеткен ойноок колдой болуп калды. Өзгөчө маани берүүнүн кереги жок" дешти туугандары.

Күйөөсүнө ушул гана нерсе керек болчу. Эми каалаган убагында аялын кубалап жиберет. Каалаган убагында алып келет. Чолпондун аргасы түгөндү. Кимдир бирөөнүн колундагы каалагандай оюнчук болуп жатканына канчалык арданбасын, тагдырынын ачкычы өзүнүн эмес, күйөөсүнүн гана колунда сымал жашоодон күйөөсүнүн эмес, өзүнүн кадыры кетип, өзүнүн көңүлү сынып, эми такыр эле бактылуу жашоодон үмүтү үзүлгөндөй абалда эле. Бирок, үмүтүн үзүп жашоо бул тирүүлөй өлүк деген экенин барган сайын сезип келет”.

Баары жөнөкөй нерседен – азыноолок көңүл буруудан башталат экен. Чолпонго күйөөсүн жумушка жөнөтүш, кечинде жаркылдап тосуп алыш чоң майрам эле. Кандай тамак жасасам, кандай көйнөк кийип чыксам, эмнени алып берсем, деп болгон ой-дарты күйөөсүндө болчу.

Кийимдерин эрикпей таптаза кылып жууп, дасмалдап, күндө алмашчу байпагын дайындуу жерге коюп, мунун баарын өзгөчө бир шык менен жасап, анысынан өзү ырахат алчу. Бактылуу жашаш үчүн күйөөсүн гүлдөй бапестеп, ага болгон мээримин төгүп, маанайын каш-кабагынан билип, үйү майрамга толуп, эми ойлосо бир керемет учурду өткөргөн экен.

Анын баары артта калыптыр. Азыр эки анжы ойдон чыга албай, көңүлү биротоло муздап, айла жок күн кечирүүдө. Өлүп алайын дейт, жан таттуу, анан да өз жанын кыйгысы келбейт. Көңүл чөгөт олтурса эс тартып калган кызы “ажырашкан колуңуздан келбесе, өлтүрсө да унчукпай жашабайсызбы” дейт. Баласынан уккан катуу сөзгө аябай арданды. Бактылуу жашоо үмүтү кызынын сөзүн уккандан кийин биротоло сууду. Күйөөсүнө өзгөчө берилип, аны идеалдуу, өзү да ошондой болуу аракети ушундай абалга алып келдиби?

Ак көйнөк

Алгачкы көңүл калуу тамактан чыкты. Чолпон эринбей базарга барып көтөрүнүп келип кушкер тамак жасаса, күйөөсү “эт менен камыры жок да тамак болчу беле” деп түртүп салды. Түрлөп жасалган салатты “чөп-чар” деп жактырбастыгын деле жашырбады. Жалаң камыр-эт менен чоңойгон тоонун баласы да. Бирок келиштире жасалган салатты кайниси мактап жеди. Чолпон унчуккан жок. Жактырбаса жактырбайт да деп андан кийин чөп-чар кошкон тамак жасоону токтотуп, эт-камырга көчтү. Анан дүкөндөн өзүнө жаккан ич кийим сатып алып үйүнө келгенден кийин күзгүгө карады. Анын маңдайында жаштыгына ыраазы сулуу келин турду. Табият ага өзгөчө бир сулуулук бергенин билчү, бирок ак көйнөкчөн мынчалык чырайлуу болуп кеткенине өзү да таңданып, ичинен ыраазы болду. Кечинде жатарда күйөөсүнүн алдында жарашыктуу ич кийимин кийип чыгып алдына келип кандай мактоо айтар экен деп күттү.

“- Эх, ушу сен ай, - деди күйөөсү оор үшкүрүп. Мындай шөлбүрөктү кайдан таап алгансың? Ушундай караңгы, ушундай табитсиз аң-сезими артта калган немесиң да. Азыр аялдар кандай кийет билесиңби? Чеч алдагы шөлбүрөгүңү! Азыр деген аялдар эркекти кызыктырыш үчүн мүмкүн болушунча кыска кийет. Жоон саны көрүнүп тургудай. Ээ, келесоо десе, - деди жактырбай.

Чолпондун үстүнө бирөө муздак суу чачып жибергендей ичиркенип кетти. Адатынча нааразы болгонун ачык билдире албады. Унчукпай барып үстүндөгү көйнөгүн чечти да, күйөөсү сатып берген кыска ич киймин кийип келип анын жанына күнөөлүүдөй басып келди. Күйөөсүнүн муздак сөздөрү ал түнү эле эмес, эртеси да, анын эртеси да көңүлүнөн эч кетпей туруп алды. Акыры чыдабай акырын айтууга аракет кылды.

- Жаным, сен неге мен кийген кийимдерди жактырбайсың? Мен сен кийген кийимдерге эч качан сын айтпайм го? Ар бир адамдын табити ар башка да. Сен өзүң каалагандай кийин. Мен өзүм каалагандай кийинейин. Кийимди да базардан өзүм тандап кийгим келет, сенин алып бергениң жакпай атат, - деди күнөөлүү болуп.

- Сен өзүң каалагандай кийине албайсың. Мен да, сен да мен каалагандай кийинебиз. Себеби, менин табитим сеникинен жакшы, - деди күйөөсү “болду!” “бүттү!” дегендей кесе сүйлөп. Чолпон андан ары чырды ырбатууну каалабады. Болуптурчу, мунун баары болгону чүпүрөк го. Буга мынчалык көңүлүмдү буруп нервимди коротпоюнчу, ансыз деле башка нервди корото турган проблема толтура го, - деп өзүн сооротту”.

Үйлөнгөндөн көп өтпөй күйөөсү сабактан чыккандан кийин бир мүнөт кечикпей үйгө келип кал деп канча мүнөттө аялдамага келерин, үйгө жеткиче канча убакыт кетерин так эсептеп берген. Чолпон ошондон сабак бүтөрү менен шашылып үйүнө жөнөйт. Ошондо да айтылган убактан беш мүнөт кечигип жүрдү. Чолпон ага деле кайыл болчу. Күйөөнүн айтканы аткарылыш керек, аял бир сөздөн калса эч нерсе болбойт деп өзүн жооткотуп, айыпты күйөөсүнөн көрчү эмес.

Анан эле бир күнү күндө байпагын жуудуруп чыштыйып таза жүрчү күйөөсү толтура дарыларды алып келди. Чолпонго ийне сайып бер деди, догдурга күндө барыштан эрикти окшойт. Кантип ийне саят, кантсе да билет го деп дарыгер кошунасына барып суранды. Деле капарына келбеген шумдукту ошо дарыгер кошунасынан укпадыбы. Бул дарылар башка бирөөлөр менен жүрүп жугузуп алган ооруга каршы сайыларын ошол келинден укту. Кошуна болсо деле аял киши башкаларга жайып иеби деп үй-бүлөлүк сыры билинип калганга намыстанды.

Бул Чолпондун үчүнчү жолу көңүлүнүн сынышы болду.

Ошентип жылдар өткөн сайын анын күйөөсүнөн көңүлү кала берип эми такыр эле көргүсү келбей калды. Эми ал күйөөсүн мурдагыдай бактылуу кылууну каалабайт дагы. Баягыдай чексиз бактылуу болгусу келген үмүттөр өчүп, эптеп эле күн өтсө, уруш-талаш чыкпаса, жаным тынч болсо, деп жанынын тынчына гана качырып калды. Муну күйөөсү башкача түшүндү.

"Ар жагыңда болбосо тарбиялай албайт тура киши. Энең бербеген тарбияны эми мен бермек белем, жүрө бер ушинтип тирүү өлүктөй болуп. Мен идеалдуу аялды кааладым эле. Аял деген жашоодо камкор эне, сүйүктүү жар , төшөктө ойнош болуш керек. А сен эч нерсеге көңүлүң жок. Мурда да кичине аракет кылчу элең жакшы аял болушка, эми болсо тирүүнүн өлүгүндөй болуп эч нерсеге көңүлүң жок, сага күйөөнүн үй-бүлөнүн деле кереги жок окшойт" деп буркулдап алды.

Мындай сөздөрдү уга берип бышы кулак болгон Чолпон үндөбөдү. "Каалаганыңды кыл, каалаганыңды сүйлө, мага баары бир. Менин эми жакшы аял болгум да келбейт. Себеби сен жакшы күйөө эмессиң" деди ичинен”.

Ошол дарылардан кийин Чолпон күйөөсүн көргүсү келбей калды. Жер үстүндөгү жашоо ушунчалык татаал, кыйын болорбу? Башында баары жакшыдай эле сезилген. Күйөөсү анын эңсеп тапкан эң жакын адамы эле. Баары бүттү. Эми таңга маал көк асманды бир бурчунда жылтылдаган жылдыздуу дүйнөгө кирип, андан сыр чечишер жакын бирөөнү таап алды. Анын карааны турмуштан көңүлү калган келинге үмүт берип, ачык сүйлөшүүнү адат кылып алды. Түн күзөтүп, асманда жаркыраган Чолпон жылдызга сырын айтып, анын жообун угуп, сүкүт тартып отурчу болду.

Чын сыры, Чолпон күйөөсүн бактылуу кылгысы келген. Анысына болсо сулуу аялынын кандай кийингени, эмне жасаганы керек деле эмес экен. Бул бир бечара, келесоо, чырайына кызыгып эмнеге алдым эле деп өкүнүп жүрдү окшойт. Башкалар менен ачык эле жүрдү, экөөнүн талаш-тартышы, таарыныч-урунучтары аны деле тажатты окшойт. Аялынан таппаган жылуулукту башкалардан издеп, бирок эңсегенине жете албады окшойт, кийинки кездери азыноолок көңүл бура баштады, жаш кездегидей болбойсуңбу дейт. Чолпондо андагыдай каалоо жок, сүйүүм түгөндү деп отурат. (“Эми жакшы аял болгум келбейт. Бирок, аны таштап да кете албайм. Балдарымдын атасы го. Бир тууган болуп калдык да”).

Ушундай экен, чалпоо турмуштун кайыгында чайпалып, толкуну жок жээкте калган сүйүүдөн тажап, экөө тең ортолук сезимди деңиз толкуну күр этип каптап кетсе аңтарылып калат, атүгүл ала салдырып кетсин деп калышкан. Азырынча түбү тешик кайыгы жээкке сүрүлүп майда толкун үстүндө калкылдап, чөгө элек. Чолпон эчен ирет ажырашайын деп чыгынып, бирок чечкиндүүлүк кыла албады. Ушу азыр күндөлүк турмуштун ыбырсыган түйшүгүнөн колу бошой калганда өткөнүн эстейт, кыялында жаратып алган караанды күтүп түндүн түрүлүшүн күтөт. Анысы түн ачык болсо, көктү булут каптабаса гана келет.

Бир топ чыйрак аңгемелерди, ырларды, социалдык-саясий темадагы курч публицистикалык макалаларды жазган Айзада Абазованын окурмандарына бергенинен бере элеги көп эле. 2013-жылдын 2-январында туулган жерине кетип баратып кан жолдо капыс кырсыкка кабылбаса, анын каламынан дагы мыкты чыгармалар жаралмак. Ал өзү көркөм сезим-туюму сергек калемгер эле.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG