Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:24

Катылган айыптын капыс келген жазасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тагдыр тамашасы, катаал жазасы десең да жарашат, качанкы бир унутта калып кеткен айыбың капыс жерден кармап, абийириңдин ашмалтайын чыгарат. Өкүнгөнгө кеч. Ишенбек Жунушевдин «Ачылбаган сыр» аңгемесинен калкып чыккан ой ушундай.

Ала качуу адаты өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып кыргыз жашоо-турмушуна эрен-төрөнү жок эле кирип алды окшойт. Өлкөнүн туш-тарабынан окуу, иш издеп шаарга агылган жаштар табышып, бирин бири жактырып, кээде андайы жок эле ала качып үйлөнүү адатын өөрчүтүп ийишти. Андай адаттын адам укугуна караманча каршы келери көпчүлүктүн оюна деле келбей, «таш түшкөн жеринде оор» түшүнүгү үстөмдүк кылып, каалабаган жерине күч менен отургузулган байкуш кыз ыйлап-сыктап отуруп калышы көнүмүшкө айланды.

Кайриет, кийинки убакта кыз ала качуу кылмыш экени, адам укугун одоно кемсинтүү болору ачык айтылып, көнүмүш адатты коомдук турмуштан жок кылуу аракети азыноолок жасала баштады. Мына ушул жат көрүнүштүн бир өңүтүн Ишенбек Жунушев «Ачылбаган сыр» аңгемесинде окурман сынына койгон экен, ошону окуп көрөлү.

«Ачуу басар»

Кеп башында кыска кыстырма: бала кезде айылдык бир жигит байкабай өзүнүн аталаш бир тууганын ала качып келгенин уккан жайым бар. Кыздын атасы ким экени нике кыярда билинип, ошол жерден баарын бас-бас кылышып, кыздан айланып-тегеренип кечирим сурап, сый көрсөтүп узатып ийишет.

Андай сөз айылда жатпай калсын, бири экинчисине шыбырап отуруп тез эле жайылып кетет. Анан тиги кишиден курбалдаштары сурап калса «уруш учурунда нике кыйдырып алган катындарым көп болуп калды» деп алакан жайыптыр. Мына ошого окшош окуянын адабий аңытын Ишенбек Жунушев «Ачылбаган сырда» баяндап берген.

И. Жунушев - өмүр бою райондук гезитте иштеген, айыл турмушун мыкты билген, элеттеги элдин эсинде калчу окуяларды угуп жүргөн автор. Аңгемеде чиеленишкен адам тагдырлары деле баяндалбайт. Аскерге кетчү жигитинен боюнда болуп калган кыз уятын жабыш үчүн башка бирөөгө турмушка чыгып кетет. Жигит башкага үйлөнүп турмушун улайт. Кызыктын баары ала качуудан башталат.

Касымдын уулу шаардан кыз ала качып келип, атасы менен туугандары «ачуу басарга» жөнөшөт. Кыштын кыска күнү, жол алыс. Анын үстүнө кечирээк чыгып алышыптыр. Кыз каалап келгенин билдирип өз колу менен кат жазып берген. Мунусу кудасына көрсөтчү негизги «документи».

Негедир Касымды кандайдыр бир санаа басып, терезеден сыртты ойлуу карайт. Артта отургандар кудага шаңдуу баралы деп ачкыл суудан шыңгытып алышкан, эч нерседен капарсыз бакылдашып келатып узак жолдо шылкылдап уйкуга кетишти. Касым уулунун келинчек алып келгенине сүйүнгөнү менен «кудам кандай тосуп алат, кабыл албай коёбу, үйүнөн кууп чыкса кантем» деп сарсанаа.

Эртерээк чыгып жарык-жазда жетип алышса жакшы болмок. Антип-минтип камданып жолго чыгышкыча ушул болду, минтип түн жамынып тоо аралап баратышат. Бир гана машине айдаган тууганы азамат экен. «Шашкан шайтандын иши» деп калбаат калыбынан жазбай, артында уйкуга кеткендерди карап, «жеткенче соолугуп калат» деп бейкапар. Касым чоочун жердеги кудаларынын кандай экенин билбейт, ошондон чочулап келатат.

«- Сен уктуң беле шумдукту?

- Ал эмне деген шумдук? – Айдоочу кайра соболдоду.

- Уккан жоксуңбу Акматтын жоругун?

- Кайсы Акмат?

-Тиги Сатыбалдынын карөзгөй уулучу.

- И, аны эл карөзгөй дешет. Чын эле ошондойбу?

- Ким билсин? Жанагы Чүйгө кеткен кызынын ачуу басар саламдашуусу келгенде Акмат карөзгөйлүк менен кудасын бир жума убаралантып, кабыл албай коюптур.

- Өзү илимдүү-билимдүү, эстүү-баштуу болуп туруппу?

- Кеп ошондо болуп жатпайбы.

- Анан эмне болду?

- Кудалары бир жума бою ар кайсы үйгө түнөп, акыры тажашат. Кудасы ак сакалын жайкалткан салабаттуу карыя экен. Сабырлуу, кеменгер карыя болсо керек, баласынын чекилик иш кылганына кайыл болуп, «уул-келиним бактылуу болсун, укум-тукуму өссүн. Ал эми булардын эшик-төрүн желкемдин чуңкуру көрсүн» деп тескери батасын берген экен.

- Уланта бериңиз, кулак сизде Касыке.

- Ошол кудасы, Акматтын кызынын кабыл албаган кайнатасы каза болуп, жаназасына өзү барбай, аялы Күлүм, тун уулу Бекиш, күйөө баласы Керим барышат. Сөөктү коюп, кайра тартышкандан кийин жолдо авария болушуп, үчөө тең курман болот. Ушундан көп узабай Акмат өзү өлөт. Жыл айланбай артында калган Уланбеги автокырсыктан жарык дүйнөдөн кетет. Ошентип кудасы Акматтын эшик-төрүн көргөн эмес экен».

Касымга уулунун алып келген келинчеги жакты. Түсү ийгиден түңүлбө деп ага ыраазы. Эми кудасын ойлоп санаадан арыла албай койду. Өзү деле билбейт, негедир жүрөгү эле лакылдайт. Ушунусу чочутуп атыры. А эгер кудасы Акматка окшоп тежиктенсе коңшулардыкында жатып апталап анын ачуусунун жазылышын күтпөйт. Машинесине түшөт да баса берет. Касымды чочулатканы - көзүнүн улам тартышы, жүрөгүнүн лакылдашы. Санаркаткан санаасынан арылыш үчүн «агыны катуу суу менен, куюну катуу бороону менен кет» деп айнекти ачып сыртка түкүрүнүп, ырымын да жасады. Эмнеге анчалык аптыгып, жүрөгү алып-учуп, оголе оор сыноого туш келчүдөй санаага басырылат? Буга чейин мындай иштердин кыйласына катышып, айтыла турган сөздү, жасала турган каада-салтты мыкты билчү. Бирок да бир кызыкча сезим аны бекем чырмап алды да коё бербей койду.

Ошол Сүйкөбү, мүмкүн башкадыр...

Кыш суугундагы узак жол да аягына чыгып, Касым кудасы Темирдин үйүн сураштырып отуруп табышты. Кудасы анчалык деле катуу киши эмес экен. Дарбаза алдында кудалыгын айтып кулдук уруп турган бейтааныш кишилерди көргөндө биралдын таң калып, анткен менен ачууга алдырбай, суукта эшикте туруп калган меймандарды үйүнө киргизди. Келини жазып берген жарым барак кагаз ишке жарады. Темирди жибиткен ошол алакандай кагаз болду. Ансыз да жүрөгү ооруп жүргөн. Аселинин өз колу менен жазган катына ыраазы болуп, барган жерине бак айтсын деп, сайгылашкан жүрөгү калыбына келип, конок камына киришти. Заматта кой союлуп, самоорлор коюлуп, айылдагылар дүрбөп куда тосмойго киришти. Кыштын суук күнү айылдагыларга той түшүп эле калды.

«Касым бекеринен чочулаган экен. Кудасы мындай мээримдүү кучак жая тосуп аларын күтпөгөн. Бардыгы жайдары, күлкү-шаң сайран курду. Жолдо уйку-соонун ортосунда келген экөө ак молдого кирери менен шылкыя түштү. Касым ууртап-татып олтурду. Темир жүрөк оорусуна карап кыл кыркпады. Ага-туугандары стаканды аппак ичишип, дуулап жатышты.

Касымдын жарпы жазылды, дидарлашып өткөн-кеткенден кеп козгошту Темир экөө».

Чечилип ичтегини козгошуп отурушканда Касым кайын журту ушул айылдан экенин, кайната-кайненеси өтүп кетишкенин, байбичесинин аты Сүйкө экенин айтты. Темир кудасынын «Сүйкө» дегенин укканда бетине кан тээп, денеси дүркүрөп, кызык боло түштү. Алгач анысына анча маани деле бербеди. Сүйкөбү... балакет, ошол болуп калбасын. Мүмкүн аты окшош бирөөдүр? Сүйкө дегенди уккандан бери «ошолбу же башкабы» деп, бир кызарып, бир бозоруп отурду. Сүйкө анын жаштык кезиндеги ынак сүйүүсү болчу. Жөн эле сүйүү эмес, аптыккан эки жаш алоо сезимин башкара албай Сүйкөнүн боюнда болуп калган. Баш кошуп эле алышмак. Аскердик милдет деген бар эле, Темир милдетин өтөп келсе, ага чейин Сүйкө айылда жүрө турса... Бирок кантип, боюнда бар кыз. Ошол Сүйкөбү? А бирок ичтеги дагы бир үн мүмкүн бул башка аялдыр, окшош ысымдар толтура эмеспи деп жайкап, анткен менен өзүн соороткон алдамчы ойдон арыла албай, ошол Сүйкө болбой калсынчы деп, кудасынын айткан сөзүнүн бирин укса, экинчисин укпай кыйналып отурду.

Аскерде жүргөндө Сүйкөдөн алган катынын ар бир сөзү ушу азырга чейин эсинде. Башында кечирим сурап, «мен эми өз теңимди таптым. Ичимдеги «кызыл эт» эми ага таандык» деп төрөлө элек балага ата таап койгонун, балалуу болбой үч катынын кетирген кишиге тийип алганын жазганы да чын. Ошону менен жаштыктын жалбырт сезими өчкөн. Кат жазышуу да токтогон. Акыркы катында кыз болгонун болгондой жашырбай жазган. Темир аскерден келгенден бери өзүнчө түтүн булатып тун сүйүүсүнүн жашоо-турмушуна кызыкан деле эмес. «Ойлонбой кылган жоруктун эсебин» сүйгөн кызы минтип ойдо жок жерден опоңой чечип койгонуна таң калган. Ысык үмүтүнө суу сээп муздатып койгонун ойлоп Сүйкөнү ойлобогонго аракет кылчу.

Мына эми карабайсыңбы, арадан кыйла жылдар өткөндөн кийин Сүйкө эсине түшүп отурат. Унутуп коёюн деген адамы өзү келбегени менен Касымды жөнөтүп, кудасынын сөзү кээде жаңырыктап, кээде жанынан, кээде алыстан угулуп жатат. Касымга кудасынын унчукпай, туугандарынын агылып-төгүлүп сыйлап отурушканы жакты. Темир башка дүйнөгө кирип кеткени, болжолу туура чыгып калса шермендеси чыгары, Сүйкө экөө гана билчү чындык эки куданы эстен тандырары, ошону менен жашоо-күнү да бүтөрү ойлонтуп, ошол оюнан чочулап отурат. Темирдин Сүйкөнүн ичинде кеткен уулу бир тууганы Аселди алып алганын, ичин тешип кетчүдөй кыйнаган сырын кимге айтат?! Айтканда эми кантип айтат? «Өлүм» деп ойлоду, бирок кантип өлөт? Тээ тереңде жаткан алдамчы ой «мүмкүн башкадыр» деп жатты. Мүмкүн башкадыр? Башка эмес экен. Аны тойдо көрдү. Үлпөткө келгенде Сүйкөнүн өз оозунан укту.

«– Оо, шордуу башым, кара көзүм кашайган тура. Уулчу... Меникиби?

– Ооба, болгондо да... сенин... – Андан аркы сөздөрүн уккан жок.

– Оо, Жараткан кара таштай катыр мени. Тозогуңа сал, тирүүлөй жалма... Оо, шордуу башым... – Темир башын мыкчып темтеңдеп, шамал соккон камгактай теңселе жыгылчудай ооп баратты. Жардангандар жөлөп-таяп калышты. Өңүнөн каны качып, селейгени менен мурдунан кан түтөктөдү...

– Кечир мени, – деп Сүйкө да ачуу кыйкырып алды да, бет алган жагына баса берди. Анын артынан Касым баратты.

Меймандар гана эмес, бул сыр Алтынга да, Аселге да, Касымдын уулуна да табышмак бойдон калды. Ачылбаган сырдын түйүнүн бир Сүйкө менен Касым билет. Той кара тумоого айланды. Темир жөнүгө албай, тилден калды.

«Тукумдуу, туяктуу болом деп Кудайдан тилеп алганым ушулбу? Өз денемен сызылып чыкпагандан кийин ушул ишке не бардым экен?» – деп Касым жалынсыз өрттөнөт...»

Баарысы бүттү. Темирдин күйүтүн канчадан бери кыйнап келаткан жүрөгү көтөрө албады. Сүйкөчү, Сүйкө кантет? Жашырылган ачуу чындыкты уккан балдары эмне болушат? Мунун баары ачык калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG