Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленип жатат


Нооруз майрамын белгилөө учуру. Бишкек шаары. 2019-жыл. (Архивдик сүрөт).

Бүгүн - 21-мартта өлкөнүн бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Жер-жерлерде сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндардын коштоосунда майрам өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Анда мамлекет башчысы “Улустун улуу күнү” деген сөз менен байыртан белгиленип келе жаткан Нооруз майрамы 21-март күнү – күн менен түн теңелип, жаз деми башталаарын айтып, касиеттүү майрам менен жамы журтту куттуктаган.

Президент ошондой эле быйылкы жаз Кыргызстан үчүн өзгөчө, олуттуу кадамдардын, Конституциялык реформаны жүзөгө ашыруучу жооптуу учур экенин белгилеген.

«Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат. Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз. Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!» деп жазылган куттуктоодо.

"Нооруз" - байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет.

Ачык булактарда, анын ичинде Википедияда айтылган маалыматтар боюнча, Совет бийлиги учурунда Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып келген. Майрамдоого уруксат 1988-жылы гана берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

"Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет. Мүчөл эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда Ноорузда адатта улуттук оюндар болуп, кызуу мелдештер, анын ичинде "Эрендердин эр оюну" аталган Көк бөрү кызуу өтүп келатат. Быйыл бул оюн Чолпон-Атада болууда, бүгүн финалдын оюндарда жеңүүчүлөр аныкталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG