Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:26

Ош шаарында Нооруз майрамы белгиленди


Ош шаарындагы Нооруз майрамы. 21-март, 2021-жыл.

Ош шаарында көктөм майрамы өтүп жатат. Шаар мэриясынын алдындагы борбордук аянтка жүздөгөн шаардыктар топтолушту. Аларга концерттик программалар тартууланууда. Мындан сырткары аш фестивалы, көркөм кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат.

Шаардыктарды Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош облустук администрациясынын башчысынын орун басары Бактыбек Алайчиев куттукташты.

Бир күн мурун шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

2020-жылы Нооруз майрамы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалган эмес.

Быйыл Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу Нооруз кеңири майрамдалган жок.(DU)

XS
SM
MD
LG