Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Даун синдромундагы адамдардын күнүнө карата флешмоб өтүүдө


"Көпбайпак". Даун адамдарга тилектештик акциясы. Кыргызстан. Март, 2021-жыл.
"Көпбайпак". Даун адамдарга тилектештик акциясы. Кыргызстан. Март, 2021-жыл.

21-март – Даун синдромундагы адамдардын эл аралык күнү. Ага карата Кыргызстандагы “күн балдарынын” (Даун синдрому менен жабыркаган балдарды ушинтип атап коюшат) ата-энелери түзгөн “Сантерра” коомдук уюму Британиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы менен чогуу флешмоб уюштурду.

Анын алкагында каалоочулар бутуна түрдүү байпак кийип сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга жайгаштыруу менен Даун синдромундагы адамдарга колдоосун билдире алышат. Флешмоб 20-марттан башталып 27-мартка чейин уланат.

Уюштуруучулардын айтуусунда, бул демилгенин максаты - адамдар түрдүү жаралганына карабай, баары тең экенин коомчулукка жеткирүү. Ошол эле учурда Даун синдромун алып жүргөн балалуу болуу уят эместигин, алар да башка адамдардай эле бактылуу жана толук кандуу өмүр сүрүүгө укуктуу экенин жайылтуу.

Иш-чараны Даун синдрому бар кыз-жигиттер иштеген “Соломон” кафеси да колдоого алган.

Флешмобдун катышуучулары мындай адамдарга тилектештигин билдирүү үчүн ар башка жуптагы байпак кийген сүрөтүн жана #lotsofsocks, #көпбайпак, #Inclusivekg хештегдери менен бирге жарыялай алышат.

21 март – Даун синдромундагы адамдардын эл аралык күнү катары 2006-жылдан бери белгиленип келет.

Даун синдрому - хромосом жыйындыларынын аномалиясы менен мүнөздөлүүчү генетикалык оору. Адамдын организми миллиондогон клеткалардан турат, ар бир клеткада 46дан хромосо бар. Генетикалык мутациянын айынан Даун синдрому бар адамдардын клеткасында 46 эмес, 47 хромосо калыптанат. Азыр илимде Даун синдромунун 3 түрү бар: трисомия (көп тараган формасы), транслокация жана мозаикалык.(ZKo)

XS
SM
MD
LG