Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгыны. Төө-Ашуу. Февраль, 2021-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгыны. Төө-Ашуу. Февраль, 2021-жыл.

Аба ырайынын начарлашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга
байланыштуу Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын түнкүсүн жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) 21-мартта маалымдады. Ага ылайык ушул тапта башкы магистралдын 219-221-чакырымында кар жаап, бороон жүрүп жатат. Аталган башкармалыктын кызматкерлери Бишкек-Ош жолунда унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн көзөмөлгө алып жатышканы кабарланган.

Маалыматта жазылгандай 21-март күнү Өтмөк ашуусунда да кар жаап жатат.
ЖКККБ бөөдө кырсыктан алыс болуу максатында жарандарга зарылчылык болбосо жолго чыкпай туруусун, ал эми тоолуу жолдордо жүргөн айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоону эскертүүдө.

Мындан тышкары алыс жолго чыгаарда унаанын техникалык абалын текшерип, биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү жабдуу, тайгак жолдо жүрүүгө чынжыр, күрөк жана башка керектүү жабдыктарын текшерип алууну сунуштаган.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган стратегиялык магистрал. Жолдун узундугу 700 чакырым. Магистралда 4 тоннел бар, алардын эң узуну - 3 чакырым - Кусейин Көлбаев атындагы тоннел Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан. Жолдо андан тышкары деңиз деңгээлинен дээрлик үч миң метр бийик турган Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG