Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

“Нооруз-2021”: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды


Чолпон-Ата шаары. 2021-жылдын 21-марты.
Чолпон-Ата шаары. 2021-жылдын 21-марты.

Бүгүн - 21-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Нооруз» майрамына карата ат оюндары өтүп жатат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда бул күнү эр эңиш, салбуурун, ат чабыш жана көк бөрү боюнча биринчи жана жогорку лиганын финалдык беттештери болот.

Эр эңиш боюнча таймаштарда өлкө аймагынан 34 спортчу катышып, беш салмакта күч сынашты. Жыйынтыгында Күмүшбек Кыдыралиев (+90 кг.), Алмазбек Ибрагимов (90 кг.), Исламбек Бердибек уулу (80 кг.), Чолпонбай Темирбек уулу (70 кг.), Жекшенбек Турдубеков (60 кг.) өз салмактарында жеңүүчү аталышты. Мелдештин байге фонду 100 миң сомду түздү. 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга жети миң сом, 3-орунга үч миң сом берилди.

Байге ээлеринин толук тизмеси төмөндөгүдөй:

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин ээси:

+ 90 кг:
1-орун – Кумушбек Кыдыралиев, Талас облусу;
2-орун – Арген Абдуллаев, Жалал-Абад облусу;
3-орун – Фархад Камчыбеков, Чүй облусу.

90 кг:
1-орун – Алмазбек Ибрагимов, Чүй облусу;
2-орун – Конокбай Баркыжоков, Нарын облусу;
3-орун – Кумарбек Адилет уулу, Бишкек шаары.

80 кг:
1-орун – Ислам Бердибек уулу, Нарын облусу;
2-орун – Шерболот Бердибек уулу, Жалал-Абад облусу;
3-орун – Бактыгул Райхан уулу, Баткен облусу;

70 кг:
1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу;
2-орун – Аманбай Шайдин уулу, Ош шаары;
3-орун – Нурлан Байыш уулу, Жалал-Абад облусу.

60 кг:
1-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу;
2-орун – Алибек Шамилбеков, Чүй облусу;
3-орун – Бекжан уулу Кайрат, Бишкек шаары.

Көкбөрү боюнча биринчи лиганын финалында Ысык-Көлдүн “Жети-Өгүз” командасы менен Таластын “Кара-Буура” командасы беттешип, коноктор - таластыктар жеңишке жетти (“Жети-Өгүз” – “Кара-Буура” (1:2)).

Жогорку лиганын финалында Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешет. Башталышы: саат 15:00.

Беттештин жүрүшүн “Азаттык” социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз алып көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG