Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө ар кыл ылдамдыкта жүрүүдө


Сербдер "Oxford-AstraZeneca" вакцинасынын индиялык "Covishield" өнүмү менен эмделүүдө. Белград, Сербия. 2021-жылдын 19-марты.
Сербдер "Oxford-AstraZeneca" вакцинасынын индиялык "Covishield" өнүмү менен эмделүүдө. Белград, Сербия. 2021-жылдын 19-марты.

Дүйнө өлкөлөрү өз калкына эмдөө жүргүзүп жатышат. Оору жугузуу жана өлүм-житим көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда АКШ турат. Ал эми вакцина менен толук эмделген америкалыктардын саны 39 миллиондон ашты, бул – калктын 12 пайызын түзөт.

Улуу Британия 21-марттын таңына карата калктын эрезеге жеткендеринин жарымынан көбүн жок дегенде бир жолку вакцина сайып эмдөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок маалымдады.

Улуу Британиянын илгерилешине мезгилдеш эле Европа Биримдиги эмдөө өнөктүгүн тездетүү үчүн далаалат кылууда. Евробиримдикте вакцина таңкыстыгы сезилүүдө.

Европа Биримдигинин Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен бул ынтымак үчүн убада кылган эмдөө затын камсыз кылбай турган болсо, анда «AstraZeneca» компаниясынын «COVID-19» вакциналарын экспорттоону токтотобуз деп коркутту.


Израилдин 9 миллиондуу калкынын болжол менен 60 пайыздай бөлүгү «COVID-19» илдетине каршы вакцина менен жок дегенде бир жолу эмделди, 48 пайыздан ашууну толук эмделди.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө дүйнөнүн калган бөлүгүнө көздүн жоосун алган коронавирус илдети жок келечектин бөлүгүнүн элесин сунуштайт. Бирок бул өлкө да кыйынчылыктарга кабылууда: бир жагынан айрым эскичил диний катмарларлын өкүлдөрү эмдеткиси келбей жатышса, экинчиден, алыскы элет аймактарында эмдөө борборлорунун жоктугу тоскоол болууда.

Тасма. Австралиядагы артыкчылыктуу жана башка топтор тууралуу жарнактык маалымат.

Ал эми Австралияда түпкү калктар (аборигендер) жана эң алыскы аралдарда жашаган жарандар өлкөдөгү дарыгерлер, чек арачылар, карыялар ж.б. сыяктуу эле тизмедеги алгачкылардан болуп эмделе турган артыкчылыктуу топко киргизилген.

Бирок өлкөдө эмдөө ыргагы солгун болууда. Алгачкы эмдөө 21-февралда башталды жана 10-мартка карата 105 миңдей гана киши эмделген. Өлкө “AstraZeneca” вакцинасын өзүндө 50 миллиондой дозада чыгара турган ишканага да ээ.

Австралия эмдөөчүлөрү вакцинаны калайыкка бекер жана ыктыярдуулуктун негизинде сунуштоодо. (TT)

XS
SM
MD
LG