Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Европадагы дары-дармек агенттиги AstraZenecaнын таламын коргоду


Европадагы дары-дармектер боюнча агенттик (EMA) коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын ыктымал кесепетине караганда артыкчылыгы көп экенине “бекем ишенерин” билдирди. Агенттиктин 16-марттагы билдирүүсүндө вакцина менен эмделген адамдардын каны коюлуп, тромб пайда кылганы боюнча эч кандай далил жоктугу айтылат. Буга байланыштуу уюм дүйнө өлкөлөрүн AstraZeneca менен эмдөөнү улантууга чакырды.

Буга чейин аталган вакцина менен эмделген айрым адамдарда тромб пайда болот деген маалыматтар тарап, бир катар өлкөлөр вакцинация кампаниясын токтоткон. Алардын ичинде Европа Биримдигинин курамына кирген өлкөлөр басымдуулук кылат. Европадагы дары-дармек боюнча агенттиктин билдирүүсүн Франция жана Италия кубаттады. Учурда пандемияга байланыштуу бул өлкөлөрдүн айрым аймактарында чектөө күчүндө турат. Эмдөө абдан жай жүрүп жаткандыктан француз өкмөтү Парижде жаңы чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

Ал эми AstraZeneca вакцинасынын 11 миллион дозасын сатып алган Британияда эксперттер препарат менен эмделген адамдарда тромб пайда болгону байкалбаганын билдирди.

Ал ортодо АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өз тарапкерлерин коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Буга чейинки сурамжылоолор Кошмо Штаттарда вакцинацияга каршы чыккандардын көпчүлүгү Трамп мүчө болгон Республикалык партиянын тарапкерлери экенин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG