Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

Бишкекте мыйзамдуулук үчүн салттуу жүрүш уланды


"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшүнүн катышуучулары. Бишкек. 21-март, 2021-жыл.
"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшүнүн катышуучулары. Бишкек. 21-март, 2021-жыл.

Бишкекте бүгүн - 21-мартта кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Бүгүнкү акцияда сөз эркиндигин жана адам укугун сактоо, конституциялык реформага каршы талаптар коюлду.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Улан Үсөйүн “Азаттыкка” билдирди:

“Фейсбуктагы” билдирүүсү үчүн эле суракка чакырып, кармап, камоо токтотулсун!” деген талаптар да айтылды” - деди ал.

Улан Үсөйүндүн айтуусунда 21-марттагы жүрүшкө Тилекмат Кудайберген уулунун ата-энеси да катышты.

Тынч марш адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин болду. Аянтта кыскача митинг өттү.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым депутаттар катышат.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG