Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Бирмалык дарыгерлер хунта зомбулугуна каршы нааразылык билдиришти


Демонстранттар менен полициянын тирешүүсү. Монива (Моунъюа) шаары, Бирма. 2021-жылдын 21-марты.
Демонстранттар менен полициянын тирешүүсү. Монива (Моунъюа) шаары, Бирма. 2021-жылдын 21-марты.

Бирмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан демонстранттарга каршы зомбулук ишемби күнү да кайталанган соң, өлкөнүн борбор шаарындагы дарыгерлер менен медайымдар 21-марттын таңкы сааттарында көчөлөргө чыгышты.

Бирмада 1-февралда болгон аскердик төңкөрүштөн кийин башаламандык улантылып келет. Жарандык лидер Аун Сан Су Чжи бийликтен кулатылган соң, калайык демократияга кайтуу талабы менен жалпы улуттук нааразылык чараларын ырааттуу өткөрүп жатат.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонуп чектелбестен, айрым учурларда чыныгы окту да колдонуп жатышат.


Бирманын экинчи ири шаары жана маданий борбору болгон Мандалай шаарында жүздөгөн дарыгерлер менен медайымдар зордук-зомбулук коркунучуна карабастан нааразылык жүрүшүн уюштурушту жана камактагы Су Чжи айымдын сүрөтү бар жарнактарды көтөрүп жүрүштү.

Мандалай шаары коопсуздук күчтөрүнүн 1-февралдагы төңкөрүшүнөн кийинки эң ири зордук-зомбулук аракеттеринин сахнасы болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, коопсуздук күчтөрүнөн качуу үчүн бул жекшембидеги митинг таңга маал уюштурулган.

Аскердик төңкөрүшкө каршы жүрүштүн катышуучулары Нинмаудан Тизитке багыт алууда. Бирма. 2021-жылдын 17-марты.
Аскердик төңкөрүшкө каршы жүрүштүн катышуучулары Нинмаудан Тизитке багыт алууда. Бирма. 2021-жылдын 17-марты.


21-марттагы нааразылык чарасы жергиликтүү байкоо тобу коопсуздук күчтөрүнүн колунан ишемби күнү өлкө аймагында төрт демонстранттын өлтүрүлгөндүгүн тастыктагандан кийин болду. Саясий туткундарга жардам берүү уюмунун (AAPP) маалыматы боюнча, набыт болгондордун экөө коопсуздук күчтөрү тарабынан соода борбору Рангун шаарында өлтүрүлгөн.

Демонстранттар жекшембиге караган түнү өлкө түндүгүндөгү Кале шаарында шам чырактарын жагышты. Алар Бирмадагы зомбулукту токтотуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана жалпы эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүн талап кылышууда. (TT)

XS
SM
MD
LG