Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Бирма: Хунта камактагы жарандык лидер Аунг Сан Су Чжиге дагы эки айып такты


Камактагы Аунг Сан Су Чжи айымды колдогон нааразылык жыйыны. Мандалай, Бирма. 2021-жылдын 15-февралы.
Камактагы Аунг Сан Су Чжи айымды колдогон нааразылык жыйыны. Мандалай, Бирма. 2021-жылдын 15-февралы.

Аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылган Бирманын (Мьянма) иш жүзүндөгү жарандык лидери Аунг Сан Су Чжиге дагы эки айып тагылды.

1-мартта Су Чжинин үстүнөн буга чейин тагылган айыптар боюнча сот жүрүмү баштады. Өлкө борбору Нейпьидодогу соттук жүрүмгө Бирманын жарандык лидери видеобайланыш аркылуу катышты.

Сот отуруму өлкөдө аскердик төңкөрүшкө каршы демонстрациялар күчөп турган учурда баштады. 28-февралда полиция нааразылык чараларына чыккандарга ок ачып, кеминде 18 киши набыт кетти.

Аунг Сан Су Чжинин адвокатынын айтымында, соттун жүрүшүндө саясатчы өзүн коргогон юристтер тобу менен жолуктурунуу өтүнгөн.

Ага алгач өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген жана колдонгон, табигый кырсык маалында мыйзам бузган деген айып тагылган. 1-мартта болсо шайлоо маалында санитардык эрежелерди бузган жана эпидемиологиялык коркунуч жараткан деген айыптар да кошулду.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы "парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок" деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан Бирмадагы мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG