Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Бирмада аскердик бийликке каршы толкундоолор уланып жатат


Полиция демонстранттарды суу чачып таркатуунун айласында. Бирма. 2020-жылдын 8-февралы
Полиция демонстранттарды суу чачып таркатуунун айласында. Бирма. 2020-жылдын 8-февралы

Бирма (Мьянма) полициясы демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн асманга карай ок атып, суу чачты. Шайлоо аркылуу бийликке келген президент Аун Сан Су Чжинин камалышына каршы толкундоолордун уланып жатканына 9-февралда төрт күн болду.

Генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып, өлкөнүн лидерлерин камап, бир жылга өзгөчө абал жарыялаган. Алар ошондой эле төңкөрүшкө каршы чыккандарды «туруктуулукка» коркунуч жаратып жатат деп, аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертишкен.

Демонстранттар жарандык өкмөттүн кайра калыбына келишин, камалгандардын бошотулушун талап кылышууда.

Азыркы бийлик баш калаа Нейпидодо жана башка ири шаарларда беш адамдан көп топтолууга тыюу салган. Ошондой эле ири каршылык акциялары өтүп жаткан аймактарда түнкүсүн коменданттык саат киргизген.

АКШнын президенти Жо Байден 1-февралда Бирмадагы окуяларды өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары кескин айыптады.

XS
SM
MD
LG