Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Балбак Түлөбаев: “Шайлоону эмне кылабыз, кайсы партия?” деп сүйлөшчүбүз


Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт.
Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулган Балбак Түлөбаев 9-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мурда бийлик жергиликтүү шайлоолорго кийлигишип жүргөнүн билдирди. Ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкканын айтты:

“Мен Садыр Нуркожоевич менен жолуктум. Мурунку бийлик убагында “Шайлоону эмне кылабыз? Кайсы партия? Эмнени түртөбүз” деп сүйлөшчүбүз. Бул жолу Садыр Нуркожоевич “Сен дагы, мен дагы шайлоого кийлигишпейбиз. Кайсы партия келсе келсин. Кимиси утса, утуп келсин. Эгер ким мыйзам бузса, ошолорду камайбыз” деген. Ошондуктан “Мен бата алып чыктым” дегендерге ишенбегиле. Бул шайлоо таза болушу керек. Шайлоо үчүн баары даяр”.

Түлөбаев 2018-2020-жылдары мэриянын аппаратынын башчысы болуп иштеген. 2020-жылдын июлунда ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп, ушул эле жылдын октябрында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Өкмөт башчынын буйругу менен бул кызматтан 8-февралда бошотулду.

11-апрелде Бишкекте шаардык кеңешке кезектеги шайлоо өткөнү жатат. Ага саясий партиялар катышат.

Түлөбаевдин бийлик буга чейинки шайлоолорго кийлигишкени тууралуу билдирүүсүнө президенттик аппарат жана башка бийлик органдары комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG