Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Мырзакматов: Министрликтерди бириктирип коюу реформа эмес


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов «Super TV» телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүнө бир сааттык маек куруп, өлкөдөгү саясий кырдаал жана реформалар боюнча пикирин бөлүштү.

Саясатчы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүдө калпыстыктар бар экенин белгилеп, ошентсе да анын жыйынтыгын күтө туруу керектигине токтолду. Журналисттин «сиз кантип реформа кылат элеңиз?» деген суроосуна ал өз ойлорун билдирди.

«Мен өкмөттүн мурдагы түзүмүн өзгөртпөйт болчумун. Вице-премьерлерди да калтырмакмын. Андан кийин ар бир министрликтерди этап-этап менен реформага алып бармакмын. Министрликтер менен мекемелерди бири-бирине кошуп койгон бул реформа эмес. Кошуп же ажыратып койсо эле ошо менен иш бүтпөйт. Бүгүнкү экономикалык каатчылык учурда өкмөттүн түзүмүн жаңылоого эң эле аз дегенде 100-150 млн. сом кетет. Ушунун кереги бар беле? Эффективдүү иштөөнүн башка дагы көп жолдору бар. Бүгүн эле чакан өкмөт түзө коём деген туура эмес, баары этап менен болуш керек», - деди ал.

Өткөн аптада премьер-министрликке сунушталган Улукбек Марипов өкмөттүн радикалдуу түрдө өзгөртүлгөн түзүмүн алып чыккан. Ал мурда 48 жетекчи башкарган министрлик, агенттик комитет жана мамлекеттик кызматтарды 12 министрлик жана бир комитетке бириктирүүнү демилгелеген. Премьер-министрлик кызмат сакталып, анын төрт орун басарынан эки орун басары калган жана өкмөттүн аппарат башчысы кызматы ордунда калган.

Натыйжада 16 жетекчиден турган өкмөттүн түзүмүн, парламент жактырган. Учурда жаңыдан бекитилген түзүмдөгү министрликтерге башка мамлекеттик мекемелерди кошуу, штаттарды кыскартуу иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG