Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

БШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку сотко кайрылды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү мыйзамдуу болгон деген негизде Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу 9-февралда Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, арызды өткөн аптанын жума күнү тапшырышкан.

Буга чейин Бишкектин Административдик соту Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде БШКнын чечимин жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту чечимди күчүндө калтырган. Соттун бул ишке кайрылышына жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы негиз болгон.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам боюнча учурда депутаттык мандаты бар экенин билдирди. Ал парламент жыйындарына эмнеге катышпай жатканын мындайча түшүндүрдү:

“Биринчиден, мен эмес, БШК соттошуп жатат. Экинчиден, менин мандатым бир аз талаш жараткандыктан Жогорку Кеңештин жыйынына барып сүйлөп, добуш бергенден карманып турам. Бир жаңсыл болуп чечилсин деп жатам”.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган.

2017-жылы ал "Мегаком иши" боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.

2020-жылы Жогорку сот "Мегаком ишин" жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. БШК арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Эки саясатчы тең аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG