Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Бишкекте алданган үлүшчүлөр он миңдей адам экени айтылды


Эрмек Нургазиев.
Эрмек Нургазиев.

Бишкекте батир сатып алам деп үлүшкө кирип, алданып калгандар он миңдей адам. Бул тууралуу 9-февралда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев билдирди:

“Азыр шаарда жабыркаган он миңдей адам бар. Алардын аркасында үй-бүлөлөрү, балдары бар. Менин максаттарымдын бири – ошол жабыркаган үлүшчүлөргө жардам берүү. Себеби бюрократиялык тоскоолдуктар, түшүнбөөчүлүк бар”.

Борбор калаанын жаңы мэри шайланганга чейин шаар башчынын милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалды. Буга чейин ал “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жаткан.

Соңку жылдары Кыргызстанда элден үлүш негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту да жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар жок эмес.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтөөгө алган. Бул иликтөөдө Эрмек Нургазиевдин да аты аталган.(RK)

XS
SM
MD
LG