Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Зордукталган өспүрүм кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районундагы зордукталган 14 жаштагы кыздын тууганы Кыргызстандын акыйкатчысына кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 9-февралда кабарлады.

Кайрылган адам арызында соттолуп жаткандардын туугандары жабырлануучунун ата-энесинин үйүнө барып, шектүүлөрдү кечирип коюуну талап кылып жатышканын жазган. Ошондой эле ал айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өспүрүм кыздан интервью алууга аракет кылып жатканына арызданган.

Акыйкатчы Токон Мамытов жашы жете элек жана зордуктоого туш болгон кыздан интервью алууга жол берилбей турганын белгиледи. Кайрылган жарандын арызы омбудсмендин жеке көзөмөлүнө алынды.

2-декабрдагы жана 11-декабрдагы соттук териштирүү учурунда 28 жаштагы эки айыпталуучу "аракеттеринде кылмыш курамы жок" деген негиз менен акталып, сот залынан бошотулган. Ал эми 41 жаштагысы Жазык кодексинин 164-беренеси ("Жашы жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун мындай чечимине коомчулукта нааразычылык жаралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG