Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

УКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалды


УКМК имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
УКМК имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Жогорку соттун Сот департаментинде 2 миллион 385 миң сомдук жемкорлук аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 9-февралда кабарлагандай, 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан.

УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи жана "Адилет сот" мекемесинин долбоор жетектөөчүсү кармалганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын айткан. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген.

Быйыл 5-февралда УКМК Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлаган. Жогорку соттун басма сөз кызматы доомат негизсиз экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG