Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Австралия Бирма менен коргоо жаатындагы кызматташтыгын токтото турмакчы


Бирмалык демонстранттарга жаш агызчу газ атылды. Янгон шаары 2021-жылдын 8-марты.
Бирмалык демонстранттарга жаш агызчу газ атылды. Янгон шаары 2021-жылдын 8-марты.


Австралия Бирмада өткөн айда улуттук армиянын мамлекеттик төңкөрүш жасагандыгынан кийин кутумга каршы нааразылык чаралары ырайымсыздык менен басылып жаткан кырдаалда бул өлкөнүн режими менен коргоо жаатындагы кызматташтыгын убактылуу токтотконун маалымды. Эми австралиялык гуманитардык жардам башка нукка багытталмакчы.

Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн айым 8-мартта билдиргендей, өлкө гуманитардык муктаждыктарды камсыз кылчу көмөктү дароо эле Бирмадагы рохинжа этносундагы мусулмандарга жана башка азчылыктарга багыттоону чечти.

Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн айым. 2019-жылдын 10-январы.
Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн айым. 2019-жылдын 10-январы.


Австралия Бирма менен түзүлгөн коргоо боюнча окутуу программасын убактылуу токтотконун билдирди. Бул программа үчүн беш жыл ичинде болжол менен 1,2 миллион доллар коротулмак. Программа англис тилин окутуу сыяктуу согуштук эмес программалар менен чектелип келген.


“Мьянма” деп да аталган Бирма өлкөсүндө куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги 1-февралда жарандык өкмөттү бийликтен кулаткан жана жарандык бийлик лидери Аун Сан Су Чжи жана анын партиясынын башка жетекчи мүчөлөрүн камакка алган. Ошондон бери өлкөдө хунтага каршы нааразылык чаралары күн сайын уюштурулууда.

Аскердик төңкөрүш уламдан-улам күчөп бараткан эл аралык сын-пикирлерге жана эл аралык коомчулуктун кысымына кабылды. Батыштын бир катар өлкөлөрү хунта лидерлерине каршы чектөөлөр киргизишти.

XS
SM
MD
LG