Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Бирмада аскерлер демонстранттарга кайрадан ок чыгарды


Бирмалык демонстранттарга жаш агызчу газ атылган учур. Найпидо шаары. 2021-жылдын 8-марты.
Бирмалык демонстранттарга жаш агызчу газ атылган учур. Найпидо шаары. 2021-жылдын 8-марты.

Бирманын коопсуздук күчтөрү хунтага каршы чыккан демонстранттарга дүйшөмбү күнү кайрадан ок атты.

8-марттагы ок атуунун кесепетинен кеминде эки киши мерт болуп, үчөө катуу жаракат алды. Учурда өлкөдөгү эң ири шаар Янгондо фабрика, дүкөн, банктар жабык турат. Кесиптик кошуундар жалпы мамлекет боюнча хунтага каршы иш таштоо жарыялашкан.

Демонстрациялар маалында полиция көздөн жаш агызчу газ, жардыргыч заттарды колдонгон. Ошол эле маалда аянтка жакын имараттардан ок атылган.

Жаш демократ саясатчы Тхинзар Шунлей Йи (Thinzar Shunlei Yi) айым "Шафран ыңкылабынын аялдары булчуңдуу режимге каршы", деп "Твиттердеги" 8-марттагы жарыясында жазып, хунтага каршы нааразылык чараларга чыккан аялдарга тилектештик билдирди.

БУУнун эсебине караганда, февралдын башынан бери аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан 50дөн ашык киши полициячылардын огунан набыт болду.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы "парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок" деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG