Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Бирмада аскерлер демонстранттарга кайрадан ок атышты


Бирмадагы демонстранттар
Бирмадагы демонстранттар

Бирмада аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган лидери, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Аунг Сан Су Чжинин үстүнөн 15-мартка белгиленген сот жараяны башка күнгө жылып калды. Буга өлкөдөгү интернет байланышында көйгөй себеп болгону айтылды.

Адвокат Кхин Маунг Зау Reuters агенттигине соттук жараян тогуз күндөн соң болорун билдирген. Бирмада аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция тынч жайкын тургундарга каршы ок ачып жатат.

14-мартта өлкөдө демократиялык башкарууну жана Су Чжинин бошотулушун талап кылгандарга полиция ок атып, кеминде 38 адам каза болгону кабарланган. 15-мартта да Мингян шаарында акциялар учурунда эки адам мерт болгону жөнүндө кабарлар түшүүдө.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. 75 жаштагы Чжиге бир нече берене боюнча айып тагылууда.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG