Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Махмудов, Шаршенбеков жана Жусупбеков Олимп оюндарына барат


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков Жапониядагы жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Алар бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдештин финалына чыгып, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту.

Азиялык мелдештин алгачкы күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыгып, кыргызстандык беш балбан күч сынашты.

60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков кореялык жана индиялык балбандарды жеңип, финалга чыкты. Эми ал финалда Кытайдын балбаны Валихан Сайлике менен күч сынашат.

Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, палестиналык жана индиялык атаандаштарын жыгып, мелдештин финалына чыкты. Эми финалда жапониялык Шохей Якибу менен күч таймашат.

97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Үзүр Жусупбеков алгач индиялык балбанды 9:0 эсеби менен, андан соң кореялык балбанды 6:0 эсеби менен жеңди. Эми алтын байге үчүн Жусупбеков ирандык Мухамаддхади Сарави менен беттешет.

Cпорттук күрөш боюнча Азиялык квалификациялык мелдеш 11-апрелге чейин уланат. Грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар бар. Бул мелдеште финалда күрөшкөн балбандарга гана Олимп оюндарына жолдомо берилет. Кыргызстандан 13 балбан барган.

Буга чейин кыргызстандык алты спортчу Жапониядагы жакы Олимп оюндарына жолдомо алышкан. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

Токиодогу эл аралык мелдештер 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада 4 жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган. (GT/ECh)

XS
SM
MD
LG