Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 3,8% начарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 166,1 миллиард сомду түздү. Бул көрсөтүч былтыркыга салыштармалуу 3,8 пайызга аз. Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде Улуттук статистика комитет билдирди.

"Кумтөр" кениндеги ишкананы эске албаганда, ИДӨнүн көлөмү 148 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга көбөйдү.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG