Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Дүйнөлүк коомчулук Газа тилкесиндеги кырдаалга кабатыр


Газа тилкесинде абадан урулган соккулар
Газа тилкесинде абадан урулган соккулар

Палестин-израил куралдуу жаңжалы курчуду. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат. 

Газа тилкесиндеги палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосундагы жаңжал күчөп жатканына байланыштуу эл аралык коомчулук тынчсыздануусун бидирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Тор Веннесланд «биз кеңири масштабдагы согушка жакындадык»,-деп билдирсе, Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн аракеттерди эки эсе көбөйтүүгө» чакырды.

АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Израил менен палестиналыктардын куралдуу тирешүүсү «жакынкы арада токтооруна үмүт артаарын» билдирди.

Ал эми Москвадагы брифингде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тез арада Орусия, АКШ, БУУ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү атайын жыйынга чогулуп, куралдуу жаңжалды токтотууга арачылыкка өтүшү керектигин белгиледи.

Ага чейин Кремл 12-майда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки тарап менен телефондон байланышып, «ортодогу чыңалууну тынчтык жолу менен жөнгө салууга» чакырганын кабарлады.

Израилдин бийлиги соңку 38 саат ичинде Газадагы палестиналык согушкерлер 1000ден ашык ракета атканын кабарлады. Алардын көбүн жөөт аскерлери асманда жардырууга жетишкен.

Абада атып түшүрүлгөн эки жүздөй ракета Газада кулап, жай тургундар жашаган эки көп кабаттуу үй толук талкаланып, жакын жерлердеги дагы бир канча үйлөр жарым-жартылай бузулган.

Бул аткылоого жоопкерчиликти Газа тилкесиндеги ХАМАС менен «Ислам жихады» радикал топтору алган.

Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине абадан чабуул койду. Израилдин маалыматына ылайык бутага курал-жарак кампалары, туннелдер менен жоочулардын башкаруу борборлору алынган. Алардын бир нечеси жай тургундар жашаган имараттарга жакын жайгашкан.

10-майда Израил-Палестина тиреши курчугандан бери 40тан ашык палестиналык, кеминде алты израилдик мерт болгону кабарланды. Набыт болгон палестиналыктардын 13ү - балдар. 500дөн ашык адам жараат алды.

Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы узак жылдардан бери израилдиктер менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келет.

Аймактагы акыркы кагылышууларга жөөт тургундардын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүү тууралуу соттун чечими себеп болду. Буга нааразы болгон палестиналыктар 7-майда полиция кызматкерлерине таш, бөтөлкө жана арматураларды ыргытышкан.

Палестиналык басылмалар Израиль нааразы болгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталарды жана желим окторду пайдаланганын, андан соң полиция Ал-Акса мечитин күч менен алганын жазышкан.

Акыркы күндөрү Израилдин аймагында жашаган араб азчылыктары да палестиналыктарга тилектештигин билдирип чыгышты. Лод, Тель-Авивдин четиндеги Бен-Гурион аэропортунун айланасындагы арабдар жана жөөттөр аралаш жашаган райондордо кырдаал курчуп, өзгөчө абал режими киргизилген.

Дүйнөлүк коомчулук Газа тилкесиндеги абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен палестиналыктар менен израилдиктердин «тынчтыкта жашоо, эркиндик, коопсуздук, өнүгүү менен демократиянын жемиштерин көрүүгө бирдей укугу бар» экенин жана буга мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керектигин «Твиттерге» жазган.

Ал эми Франкциянын тышкы иштер министринин орун басары Жан-Батист Лемуан Израиль бийлигин аскерий соккуларды ченеми менен кайтарууга чакырса, Германия Газадан палестиналыктардын чабуулдарын айыптап, «Израилдин коргонууга укугу бар» деген өңүттө билдирүү жасаган.

Араб өлкөлөрүнүн лигасы болсо, Газадагы чыңалууга Израилди күнөөлөп, Иерусалимдеги «кооптуу эскалацияга» жоопкерчиликти арткан.

57 өкүлү бар Ислам кызматташтык уюму израил аскерлери Иерусалимдеги Ал-Акса мечитин күч менен алып, андагы мусулмандарды аймакты таштап кетүүгө аргасыз кылганын айыптаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG