Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Израил-Палестина тиреши курчуду


Газа тилкеси, 10-май 2021-жыл.
Газа тилкеси, 10-май 2021-жыл.

Дүйнө өлкөлөрү Израил менен палестиндерди тирешти токтотууга чакырышууда. 10-майдагы аба соккуларынан Газада 24 адам мерт болду. Израил бир нече жараны жараат алганын билдирди.

11-майга караган түнү Газа тилкесиндеги ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр бул анклавга абадан сокку урду. Палестинанын саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилери Газада 24 адам мерт болгонун билдиришти. Алардын арасында тогуз өспүрүм бар. Жалпысынан тилкеде 100дөн ашык адам жаракат алды.

Израилдин армиясы дүйшөмбүнүн кечинен тарта Газадан атылган 200дөй ракетага жооп кылып, бул тилкедеги 130 позицияга абадан сокку урганын билдирди. Маалыматка ылайык, аба чабуулдары курал-жарак кампаларын, туннелдерди жана жоочулардын башкаруу борборлорун бутага алган.

Газадан атылган ракеталардын көбүн Израилдин коргонуу системасы атып түшүргөн. Бирок айрым ракеталар Израилдин түштүгүндөгү Ашкелон шаарындагы жайкын тургундар жашаган эки имаратка тийип, андан алты киши жараат алды.

11-майда Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунун лидери Исмаил Ханиех билдирүү таратып, анда Израил "Иерусалимдеги жана Ал-Акса мечитиндеги террорчулуктун бардык көрүнүштөрүн жана агрессияны" токтотпосо, ракета чабуулдары улана берерин жарыялады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүгө караган түнү Газадагы кошуундар "кызыл чектен өткөнүн" айтты.

"Биз бир нече фронтто: Иерусалимде, Газада жана өлкөнүн башка аймактарында кармашып жатабыз. Бүгүн Иерусалим күнүнүн кечинде Газадагы террордук топтор кызыл чектен өттү. Иерусалимдин чекесинде бизге ракеталар менен чабуул коюшту", - деди Нетаньяху.

Газада соңку аба соккуларынан жакынын жоготкондор. 10-май, 2021-жыл.
Газада соңку аба соккуларынан жакынын жоготкондор. 10-май, 2021-жыл.

Соңку ракета чабуулдарына жана аба соккуларына палестиналык демонстранттар менен Израил полициясынын Иерусалимдеги төрт күндүк кагылышуулары түрткү берди. Мындай кагылышууларга жөөт тургундарынын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимдеги конуштардан көчүрүүгө жол ачуу аракеттери себеп болгон.

Дүйшөмбүнүн кечинде Газа тараптан ракета чабуулдары башталганга чейин Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айлана-тегерегинде кагылышуу уланган. Израилдин полициясы митинчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, кулакты тундуруучу гранаталарды жана желим окторду колдонгон.

Палестинадагы "Кызыл жарым ай" коому билдиргендей, ал күнү 700дөн ашуун палестиналык жараат алды. Израил тарап 21 полиция кызматкери, 7 жайкын тургун жарадар болгонун билдирди.


10-майда кагылышуу уланып жатканда жөөттөр Иерусалим күнүн белгилешти. Адатта бул күнү 1967-жылы Израил күчтөрүнүн Иерусалимдин чыгышына көзөмөл орнотконунун урматына жүрүштөр уюштурулат. Палестиндер Иерусалим күнүн "чагым" катары мүнөздөп келишет.

Дүйшөмбү күнү Палестинанын премьер-министри Мухаммед Штайе эл аралык коомчулукту тирешти токтотууга көмөктөшүүгө чакырды:

"Мен ыйык Ал-Акса мечитиндеги динзарлар туш болгон жагдайга толугу менен Израилдин өкмөтү жооптуу деп эсептейм. Мындай чукул чабуулдун жана Шейх Жарра аймагындагы жер тилкелеринин чыныгы кожоюндарын көчүрүү аракетинин кесепети болорун эскертем", - деп билдирди Штайе.

Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанындагы палестиндер менен Израил полициясынын кагылышуусу, 10-май, 2021-жыл.
Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанындагы палестиндер менен Израил полициясынын кагылышуусу, 10-май, 2021-жыл.

АКШ, Европа Биримдиги жана Британия сыяктуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар Израил менен палестиналыктарды тирешүүнү токтотууга чакырышууда. Вашингтон Израилдеги кырдаалга жакындан көз салып жатканын билдирди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки 10-майда соңку кырдаалга, анын ичинде акыркы бир нече күн ичиндеги карама-каршылыкка тынчсызданып жатканын айтты:

"Дем алыш күнү биздин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчибиз Жейк Салливан Израилдеги кызматташы менен телефондон сүйлөшкөндө палестиналыктарды өз үйүнөн көчүрүүгө жол ача турган аракеттерге тынчсыздануусун дагы бир жолу айтты. Алар Газадан Израилди көздөй ракета атылганын жана өрт коюучу шарчалардын учурулушун кабыл алынгыс деп мүнөздөштү".


Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди палестиналыктарга карата "басымды" токтотууга чакырган. Дүйшөмбүнүн кечинде жүздөгөн адамдар Израилдин Стамбул шаарындагы консулдугунун алдына чогулушуп, палестиналыктарга колдоо көрсөтүштү.

Ислам дининдеги жана иудаизмдеги эң ыйык жайлар жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы узак жылдардан бери израилдиктер менен палестиналыктардын карама-каршылыгына себеп болуп келет.

Аймактан палестиналыктарды көчүрүүгө жол ача турган чечим 10-майда Израилдин Жогорку Сотунда каралышы керек эле. Кагылышуулардан улам сот отуруму башка күнгө жылганы белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG