Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Араб лигасынын ачуусуна тийген убада


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилде парламенттик шайлоонун алдында, талаштуу Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо боюнча убадалар жаңырды.

10-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху келерки жумадагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо жеңсе, Палестина менен талаштуу Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жерлерди аннексиялап алууга убада берди.

«Бүгүн мен Иордан дарыясынын жээктери менен Өлүк деңизинин түндүгүндөгү аймактар Израилдин аймагына киргенден кийин башкара турган жаңы өкмөттү түзүү ниетимди жарыялайм», - деди Нетаньяху.

Палестин автономиясынын эки аймагы: Иордандын Батыш жээги менен Газа сектору 2007-жылдан бери өз-өзүнчө башкарылат.

Израилдеги «Бецелем» укук коргоочулар тобунун маалыматы боюнча учурда бул аймакта 65 миңдей палестиналык, 11 миңдей израилдик жашайт. Палестиналыктардын Иерихон шаарында бедуиндердин 28 чакан кошуундары турат.

Палестина да бул аймакты кайтарып алып, болочок мамлекеттин курамына киргизүүнү көздөйт. Палестиндердин башкы чабарманы Саиб Эрекат Израил премьеринин шайлоо алдында жарыялаган "планын" айтыптады.

«Оккупацияланган аймактарды аннексиялоо - аскерий кылмыш. Нетаньяху мырза жана аны Иерусалим, Хеврон, Иордан өрөөнү, Иордан дарыясы менен Өлүк деңизди аннексиялоо боюнча ойлорго түртүп, жардам бергендер - ал өрөөндөгү чакан шаар менен кыштактарда жашаган палестиндерди эркиндигинен ажыратып, туткунга айлантууда», - деген Эрекат эл аралык коомчулукту мындай аскердик кылмышка жол бербөөгө үндөдү.

Ал арада Араб лигасы Нетаньяхунун билдирүүсүн сынга алып, Израилдин баскынчылык саясатына каршы турушарын билдирди. Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Израил премьеринин жогорудагыдай убадасы Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка жеткире турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кыла турганын билдирди.

"Кеңеш мындай билдирүүнү коркунучтуу прогресс жана эл аралык укуктарды, Улуттар Уюмунун декларациясын, Коопсуздук Кеңешинин 338чи жана 242-чечими сыяктуу мыйзамдуу келишимдерди бузган Израилдин жаңы агрессиясы катары кабыл алат. Кеңеш мындай билдирүү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө болгон бардык негиздерди жок кылат", - деп билдирди Араб лигасы​.

Израилдин өзүндө саясий серепчилер башкы телеканалдардын түз эфиринде айтылган Нетаньяхунун билдирүүсүн - шайлоо алдында ашыкча оңчулдардын колдоосун алууга болгон аракет катары баалашууда.

Израилде мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 17-сентябрда өтөт. "Ликуд" партиясынын башчысы, соңку он жылдан бери бийликте турган Нетаньяху апрелде өткөн жалпы улуттук добуш берүүдө башкаруучу коалицияны түзө алган эмес.

Бул ирет чуулуу билдирүүсүндө да Вашингтондун Израил-Палестина тынчтыгы боюнча планын күтөрүн ачык айткан.

«Президент Трампты сыйлаганым, биздин достукка чоң ишеним артканым үчүн президенттин планы жарыяланмайынча күтөм», - деген Биньямин Нетаньяху 10-сентябрда.

Вашингтондогу Ак үйдүн башкы кеңешчиси Жаред Кушнер май айында "Израил кандайдыр бир кадамдарга баруудан мурда, президент Дональд Трамп бере турган тынчтык сунушун тыкыр карап чыгарына" үмүт арткан.

АКШнын Израилдеги элчиси Дэвид Фридман «Нью-Йорк Таймс» гезитине июль айында курган маегинде "Израилде Батыш жээкти толук эмес, кээ бир аймактарын гана сактап калууга укугу бар" - деп белгилеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG