Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Араб өлкөлөрү АКШнын чечимин сындашты


АКШ президенти Голан дөңсөөлөрү боюнча документке кол койгондон кийин, Вашингтон, 25-март 2019-жыл.
АКШ президенти Голан дөңсөөлөрү боюнча документке кол койгондон кийин, Вашингтон, 25-март 2019-жыл.

Орусия, Иран жана бир катар араб өлкөлөрү АКШ администрациясынын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин таануу чечимин четке кагышты. Вашингтон 25-мартта кол коюлган документ эбак эле фактыга айланган жагдайды гана тааныганын билдирди.

Американын Перс булуңундагы төрт өнөктөшү президент Дональд Трамптын Сирия менен Израилдин ортосунда жайгашкан Голан дөңсөөлөрү боюнча чечимин бир ооздон айыптап чыгышты. Кувейт АКШ администрациясынын кадамына өкүнүчүн билдирсе, Бахрейн Голан дөңсөөлөрүн Сириянын аймагы катары тааный турганын белгиледи.

Сауд Арабиясынын бийлиги АКШ администрациясынын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин тааныган документин четке кагаарын маалымдады. Катар Израил бийлигин Голан аймагындагы "оккупациясын токтотууга, эл аралык резолюцияларды сыйлоого" үндөдү.

Американын аскердик контингенттери жайгашкан Перс булуңундагы бул төрт өлкөдөн тышкары президент Дональд Трамптын чечимин Иран, Сирия жана Орусия да сынга алды.

- Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жана Сирияда саясий мунасага келүү маселелерин эске алганда мындай чечимдердин терс таасири болоору талашсыз. Мындан эч ким күмөн санабайт. Эң маанилүүсү, бул Вашингтондун эл аралык мыйзамды анык бузган кезектеги кадамы. Биз өкүнүчүбүздү билдиребиз, - деди 26-мартта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Голан аймагы.
Голан аймагы.

Болжолдуу аянты 1800 чарчы чакырымды түзгөн Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сирияга таандык болчу. Элүү эки жыл мурдагы "Алты күндүк согуштан" кийин Израил бул аймакка көзөмөлүн орноткон.

1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок Бириккен Улуттар Уюму бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.

Президент Дональд Трамп АКШнын бул өрөөндү Израилдин аймагы катары тааный турганын расмий түрдө кепилдеген документке же прокламацияга 25-мартта Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун катышуусунда кол койгон.

Трамп АКШ мындай кадамга ондогон жылдар мурда эле барышы керек болчу деген оюн айтты:

- Израил мамлекети өз коопсуздугун сырткы коркунучтардан сактоо үчүн Голан дөңсөөлөрүнө көзөмөлүн орноткон. Бүгүн Ирандын жана Сириянын түштүгүндөгү "Хезболла" сыяктуу террорчул топтордун агрессивдүү аракети Голан дөңсөөлөрүн Израилге каршы чабуулдарды, катуу чабуулдарды уюштурса боло тургандай аймакка айлантууда. Келечектеги болжолдуу тынчтык келишимдеринин баарында Израилдин Сириядан, Ирандан жана башка регионалдык коркунучтардан сактануу муктаждыгы эске алынышы керек.

Израил армиясынын Голан аймагындагы көзөмөл бекети.
Израил армиясынын Голан аймагындагы көзөмөл бекети.

26-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да эл аралык коомчулуктун сынына жооп берип, Трамп "иш жүзүндөгү фактыларды гана тааныганын" айтты.

Буга чейин АКШнын администрациясы Израилдеги элчилигинин Тель-Авивден Иерусалимге которууну чечкен. Бул кадам да Палестина менен араб өлкөлөрүнүн нааразылыгын жараткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG