Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Трамп Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин тааныды


Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин таануу боюнча документке кол коюу учуру. 25-март, 2019-жыл. Вашингтон.
Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин таануу боюнча документке кол коюу учуру. 25-март, 2019-жыл. Вашингтон.

АКШ президенти Доналд Трамп 25-мартта Израилдин талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө ээлигин тааныган документке кол койду.

Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышып, Трампка ыраазычылык билдирди. Ал документти Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү аскердик жеңишин дипломатиялык утушка айландырган "чечкиндүү кадам" деп атады.

Кол койгондон кийин Доналд Трамп АКШ мындай чечимди "ондогон жыл мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты.

АКШ президенти 21-мартта "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин" жарыялаган. «Твиттердеги» билдирүүсүндө бул маселе Израилдин коопсуздугу жана аймактын туруктуулугу үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ экенин жазган.

Анын билдирүүсүн Түркия, Иран жана Сирия айыптап чыгышкан.

Израил жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган. Тел-Авив аталган аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG