Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Трамптын Голан дөңсөөлөрү тууралуу сөздөрү сынга кабылды


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Түркия, Иран жана Сирия АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтон үчүн "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгени" тууралуу билдирүүсүн айыптап чыгышты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Трамптын кадамы аймакты жаңы кризиске түртүп жатканын 22-мартта Ислам Кызматташтык Уюмунун Стамбулдагы жыйынында билдирди.

«Биз Голан дөңсөөлөрүн басып алууну мыйзамдаштырууга жол бере албайбыз. Эч качан жол бербейбиз», - деди Эрдоган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Трамптын сөздөрү «билдирүү бойдон гана» калат деп үмүттөнүп турганын айтты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трампты «тарыхый кадамга барды» деп мактап, өз элинин атынан ага ыраазылык билдирди.

АКШ президенти Трамп 21-марттагы «Твиттердеги» билдирүүсүндө бул маселе Израилдин коопсуздугу жана аймактын туруктуулугу үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ экенин жазган.

Израил Сириянын түштүк-батыш тарабындагы Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы басып алган. Ал окуя «Алты күндүк согуш» деген ат менен тарыхка кирген.

XS
SM
MD
LG