Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Газадагы кагылыш, АКШ элчилигинин көчүшү


Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы кагылыш учуру. 14-май, 2018-жыл.
Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы кагылыш учуру. 14-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар бүгүн Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге расмий көчүрүп жатат. Бул иш-чара Израилдин мамлекет катары түптөлгөнүнүн жетимиш жылдыгына туш келди.

Былтыр жыл соңунда АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу чечими Палестин автономиясынын, эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Вашингтондун союздаштарын нааразы кылган. Бул арада Газа сектору менен Израилдин чек арасында палестиндердин нааразылык жүрүшү уланып жатат. Алар жөөт аскерлери менен бүгүн да кагылышып, кеминде 40тан ашуун палестиндин өмүрү кыйылды.

Израил бул күндөрү мамлекет катары түптөлгөнүнүн жетимиш жылдык мааракесин, ага катар Иерусалим шаары алардын карамагына өткөнүнүн кезектеги жылдыгын да майрамдап жатат:

- Мен бул жерге Иерусалим бошотулганынын 51 жылдыгын майрамдоо үчүн келдим. Бирок чын-чынында Иерусалим акыркы 3000 жылдан бери биздики болгон, бир учурда гана аны иордандар оккупациялап алган, азыр биздики, ошон үчүн майрамдап жатабыз, - деди Иерусалимде жекшембиде өткөн жүрүштүн катышуучуларынын бири Ривка Кохен кабарчыларга.

13-майда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында миңдеген израилдиктер “Иерусалим күнүн” белгилешти.

Израилдиктердин "Иерусалим күнүн" белгилеши. 13-май, 2018-жыл.
Израилдиктердин "Иерусалим күнүн" белгилеши. 13-май, 2018-жыл.

Израил Иерусалимдин чыгышын Иорданиядан 1967-жылы июнь айынын башында алты күнгө созулган жөөт-араб согушу учурунда тартып алган. Кийин аны аннексиялап, бүткүл Иерусалимди өзүнүн борбору катары жарыялаган.

Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес. Мындан улам дүйнө өлкөлөрү өз элчиликтерин Тел-Авивде кармашат.

Былтыр 7-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун көп жылдардан берки саясатын өзгөртүп, Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, элчиликти көчүрүү тууралуу чечимине жол ачкан. Буга Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы 128 мамлекет нааразы болуп, Вашингтонду айыптаган резолюция кабыл алган.

Анда мусулман дүйнөсүнүн башын бириктирген Ислам Кызматташтык Уюму да чукул саммитинде Кошмо Штаттардын чечимин четке кагып, тескерисинче дүйнө мамлекеттерин Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары таанууга чакырган.

Стивен Мнучин.
Стивен Мнучин.

АКШнын каржы министри Стивен Мнучин дүйшөмбү күнү Иерусалимден сүйлөп жатып элчиликтин көчүрүлүшүн улуттук коопсуздук маселесине байланыштырды:

- Көп президенттер элчиликти улуттук коопсуздук жүйөсүнөн улам көчүрбөй келген. Ал эми президент Трамп элчиликтин Иерусалимде турушу улуттук коопсуздуктун артыкчылыктуу маселеси болгону үчүн көчүрүп жатат.

АКШ Конгресси элчиликти Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери америкалык президенттер бул мыйзамдын аткарылышын алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишет.

АКШнын элчилигин Иерусалимде ачуу жөрөлгөсүнөн бир көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.
АКШнын элчилигин Иерусалимде ачуу жөрөлгөсүнөн бир көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 13-майдагы сөзүндө Трамптын кадамын “чечкиндүү” деп баалады. Ал дүйнө өлкөлөрүн АКШнын жолун жолдоого үндөп келет.

Чыгыш Иерусалимди болочок мамлекетинин борбору катары көргөн Палестин автономиясынын бийлиги Иерусалимдин чечиминен кийин "АКШ жөөт-палестин сүйлөшүүлөрүндө мындан ары бейтарап ортомчу боло албайт" деп жарыялаган:

- Трамп мырза жасаган нерсе, биз ал айткан “кылым макулдашуусун” каалап же каалабашыбызда эмес. Биздин көз карашыбызда муну менен АКШнын ортомчу катары ролу, анын 1991-жылдан бери тынчтык жараянга ээлик кылуусу аягына чыкты. Биз эми тынчтык жараяндын жаңы форматын жаратууга умтулабыз, - деди палестин президенти Махмуд Аббастын кеңешчиси Набил Шааc.

АКШ Иерусалим боюнча чечимин алгач жарыялаганда палестин аймагында кан төгүү менен коштолгон демонстрациялар болгон.

Газа сектору менен Израилдин чек арасында 30-марттан бери нааразылык акциялары өтүп жатат.

Газа сектору менен Израилдин чек арасына чогулган палестиндер. 14-май, 2018-жыл.
Газа сектору менен Израилдин чек арасына чогулган палестиндер. 14-май, 2018-жыл.

Газаны башкарган ХАМАС кыймылы уюштурган бул нааразылык жүрүштөрү учурунда Израил аскерлери менен кагылыштан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматынка караганда бүгүн кеминде 41 адам өлүп, дагы 1800дөй киши жарадар болду.

Ал эми бүгүн өлгөндөрдү кошкондо 30-марттан бери кеминде 83 палестиндин өмүрү кыйылды.

Улуттар Уюмунун эсебинде, Газа секторунда жашаган эки миллиондой палестиндин 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары.

Алар Израилдин аймагында калган жерлерине кайтууга мүмкүнчүлүк берилишин талап кылып 30-мартта башталган акциясын “Кайтуунун улуу жүрүшү” деп аташкан.

Газа секторундагы палестиндердин бул массалык нааразылык акциясы АКШнын элчилиги Иерусалим шаарына көчүрүлүшүнө каршы да багытталган.

Газа секторундагы кагылыш. 14-май, 2018-жыл

Газа тилкесиндеги кагылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG